Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Медетбеков: Согушкерлер Борбор Азияга ооп жатат


Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

29-августта Чүй облусунун Жайыл районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар делген эки киши жок кылынды. Жараат алган үчүнчү адам ооруканага жаткырылды. Аларга көмөк көрсөттү деген шек менен дагы эки киши кармалган.

Өлкөдөгү коопсуздук абалы тууралуу УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Артур мырза, кечээ УКМК атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар делген эки киши жок кылынганын кабарлады. Бул Кыргызстанда майрамдар жана күтүлүп жаткан чоң саясий окуя - шайлоонун алдында болуп жатканын кандай жоромолдосок болот?

Артур Медетбеков: Биринчиден, террорчуларды кармоо операциясы укук коргоо органдарынын атайын ыкчам ыкмалар менен алдын ала даярданып, изилдеп, иштеп жүргөн аракеттеринин бири болуп саналат.

УКМК: террордук уюмдун эки өкүлү жок кылынды

УКМК: террордук уюмдун эки өкүлү жок кылынды

29-августта эртең менен Чүй облусунун Жайыл районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар делген эки киши жок кылынды.

Экинчиден, атып өлтүрүлгөн жарандарды террорчу деп атоо азырынча кыйын. Антип айтуу териштирүү иштеринен кийин гана болот. Алар террорчу болуш үчүн кайсы жерди жардырмак, эмне куралдары, алардын кандай мүчөлөрү болгону, кандай тапшырмаларды алганы, кандай максатты көздөшкөнү такталып, андан кийин гана аларды террорчу же террорчу эмес айтса болот. Балким алар террорчу эмес, уюшкан кылмыштуулук менен шугулданып же топтолуп алып элди тоноп жүргөндөр болушу мүмкүн.

Бирок курал-жарак менен чыгып, коркутуп, атышып кеткен учурлар шайлоонун алдында же башка саясий өнөктүктүн учурунда эмес, башка учурларда деле көнүмүш адат болуп калды. Буга чейин да курал-жарак аралашкан окуялар бир нече жолу катталган болчу.

"Азаттык": Аз күн мурда УКМК террорчу делген бир нече адамды кармаганын билдирген. Айрым эксперттер президенттик шайлоонун алдында коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурууга күч кызматтарын чакырып жатышкан эле. Соңку окуя президентттик шайлоонун алдында болуп жатканы жөн эле дал келүүчүлүкпү?

Артур Медетбеков: Чынын айтыш керек, Кыргызстандан чыгып кетип террорчулук аракеттер менен шугулданып жүргөн жаштардын саны 700гө чукулдап калды. Алар Сирияда, Иракта, Ооганстанда же дагы башка аймактарда жүрөт. Ал жактагы согушта террорчуларга катуу сокку урулгандан кийин алар ар кайсы жакка качып, билинип-билинбей Кыргызстанга да келип жатышат. Натыйжада Сириядагы согуш акырындык менен Борбор Азия тарапка которулуп, жылып жатат.

Эки жыл мурда ушул максат үчүн экстремисттик топтор тарабынан 60 млн доллар бөлүнгөнү боюнча да кабар тараган. Ошонун баарын эске алып, анализдесек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда потенциалдуу түрдө террористтик коркунуч бар деген сөз акырындык менен тастыкталышы мүмкүн.

Ушул тапта өлкөбүздө экстремисттик жана террористтик уюмдардын “уктап жаткан” мүчөлөрү, тымызын иштеп жаткан өкүлдөрү бар. Эгер алар кандайдыр бир тапшырма алып калса же курал-жарак менен камсыздалса, ар кандай нерселерди күтүүгө болот.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

Ошон үчүн бүгүнкү күндө жогорудагы террорчу делип жаткандардын аракетин, аларды кайра кармоо операцияларын шайлоого байланыштуу деп айтуу кыйын. Бирок Казакстанда, Орусияда, Түркияда теракттарга биздин өлкөнүн жарандарынын тиешеси бар экендигин эске алсак, бул Кыргызстан үчүн коркунучтуу жана кооптуу көрүнүш.

"Азаттык": Кээ бир эксперттер УКМКнын акыркы операциясы элге жарыяланып кеткенин сынга алып, элди дүрбөтпөй эле өткөрсө болмок дегендей ойлорун айтышты. Сиз буга кандай карайсыз?

Артур Медетбеков: Негизи терроризм же башка дагы ушул сыяктуу чоң кылмыш менен күрөшкөндө ыкчам операцияларды тымызын, дүрбөлөң кылбай өткөрсө, элге да, УКМКга да жакшы болмок. Бирок кээде чукул издөө жүргөндө, шектүүлөр качып кеткенде же алдын ала коркутуу болуп, элдин коопсуздугуна коркунуч келген учурда укук коргоо органдары элдин кызыкчылыгы үчүн операцияны алдын ала жарыялоого аргасыз болушат. Анткени, биринчиден, элдин коопсуздугу үчүн, экинчиден, ошол эле кылмышкерлерди кармоодо кол кабыш суроо үчүн да керек.

Мындай нерсе эл аралык практикада деле бар. Маселен буга чейин АКШ “Кыргызстанда террористтик коркунуч бар, теракттар болушу мүмкүн” деп алдын ала маалымат таратып, өзүнүн жарандарын, дипломатиялык корпустарды кабардар кылганын билебиз. Ошентсе да укук коргоо органдары террорчулук боюнча алдын ала эскертүү берген учурда аны жети өлчөп бир кесиши керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG