Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Ирак "халифаттын" күнү бүткөнүн жарыялады


Ал-Нури мечитинин талкалангандан кийинки көрүнүшү. 30-июнь, 2017-жыл.
Ал-Нури мечитинин талкалангандан кийинки көрүнүшү. 30-июнь, 2017-жыл.

Иракта өлкө премьер-министри “Ислам мамлекети” террордук тобу түзгөн халифаттын күнү бүткөнүн жарыялады. Жарыя АКШ колдогон өкмөттүк күчтөр Мосул шаарынын тарыхый бөлүгүн бошотуп жаткан учурга туш келди. Сирияда болсо АКШ колдогон күчтөр ИМ тобунун бул жердеги таянычы Ракка шаарын курчоого алганы кабарланды.

Ирак премьери Хайдар ал-Абадинин 29-июндагы жарыясы АКШ колдогон жергиликтүү өкмөттүк күчтөр Мосулдун кылымдарды карыткан тарыхы бар ал-Нури мечитин жана анын тегерегин ээлеген учурга туш келди.

"Биз жалган өлкөнүн күнү бүтүп жатканына күбө болуудабыз. Мосулдун бошотулуусу муну далилдөөдө”, - деди премьер Абади Твиттер социалдык түйүнүндөгү баракчасында.

Ал-Нури мечитинин башкы имаратын болсо жихадчылар 21-июнда жардыруу жолу менен талкалап салышкан:

- Бул мечит тарыхый болгонунан улам Мосулдун жашоочулары үчүн өзгөчө мааниге ээ. Экинчиден, террорчу Абу Бакр ал-Багдади жалган мамлекетти дал ушул мечиттен жарыялаган. Биздин коопсуздук күчтөр мечитти чабуул менен алышты жана мечитттин бошотулуусу бизге кубаныч тартуулап жатат, - деди генерал Маан ал- Саади.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жолбашчысы Абу Бакр ал- Багдади алар Ирак менен Сирияда ээлеген аймактарында халифат курушканын ал-Нури мечитинен 2014-жылдын 29-июнунда туруп жарыялаган.

Абу Бакр ал-Багдади халифат жарыялаган учур. Сүрөт 2014-жылы 5-июлда таратылган.
Абу Бакр ал-Багдади халифат жарыялаган учур. Сүрөт 2014-жылы 5-июлда таратылган.

22-июнда Орусия тарап Багдадинин өзү алардын аба соккусунан өлдү деп билдирген болчу. Бирок Кошмо Штаттар бул маалыматты ырастай албасын айткан. ​29-июнда Ирандын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги жогорку лидер аятолла ал-Хаменейинин өкүлү Али Ширазинин Багдадинин “өлгөнү анык” деген сөздөрүн таратты.

Ирактын Контртерроризм кызматын башкарган генералдардын бири Абдулхани ал-Ассадинин 30-июндагы билдирүүсүнө караганда, Мосулдагы жеңиш "саналуу күн ичинде" жарыяланганы турат, шаардын ичинде азыр ИМ тобунун 200-300 согушкери калды жана алардын көпчүлүгү эч жакка кете албай жаткан чет элдиктер.

Ирактын өкмөттүк күчтөрү “Ислам мамлекети” тобунун бул жердеги борбору саналган жана бир миллион ашуун киши жашаган Мосулду бошотуу операциясын былтыр 17-октябрда баштаган. Аларга АКШ баштаган коалиция колдоо көргөзүп келди:

- Акыркы эки жылда 60тан ашуун өлкөнү бириктирген коалиция Ирактын операциясын (“Ислам мамлекети” тобуна каршы) колдоо үчүн он миңдеген соккуларды жасады. Биз Ирактын 54 миңдей жоокерин машыктырып, жабдыдык. Ирактык өнөктөштөрүбүзгө өлкөсүн бошотуу күрөшүнө колдоо көргөздүк, - дейт эл аралык коалицияны жетектеген америкалык күчтөрдүн командири Стефэн Таунсенд.

Мосулдун байыркы бөлүгүнөн качкан ирактыктар. 30-июнь, 2017-жыл.
Мосулдун байыркы бөлүгүнөн качкан ирактыктар. 30-июнь, 2017-жыл.

Мосулду бошотуу боюнча аскерий аракеттер сегиз ай ашуун убакыттан бери жүрүүдө:

- Шаарда 50 миңдей жайкын тургун бар. Алардын оңой эле чыгып кете албаганы “Ислам мамлекети” тобу аларды тирүү калканч катары колдонууда. Биз жайкын тургундарды качууга социалдык медианы колдонуу менен чакырып жатабыз, - деген Ирак армиясынын генералы Сами ал-Ариди 29-июнда.

Ирактык генерал ошондой эле шаардын байыркы бөлүгүнө жасалган аба соккулардан жана артиллериядан жайкын тургундардын өмүрү кыйылышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.

Мосулда ошондой эле жүздөгөн адамдардын сөөктөрү али урандылар алдында жатканы да айтылууда.

Мосулдун тарыхый бөлүгү. 30-июнь, 2017-жыл.
Мосулдун тарыхый бөлүгү. 30-июнь, 2017-жыл.

Бул аралыкта азыр “Ислам мамлекети” тобун Сириядагы таянычы Ракка шаарынан сүрүү аракети көрүлүп жатат.

Сириядагы согушка башынан байкоо салган уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы, аскерий өкүлдөр билдиргендей, учурда Ракка толугу менен курчоого алынып, согушкерлер андан качып кете алуучу акыркы жол да жабылды.

Жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынын Сирия демократиялык күчтөрү деген бирикмесине АКШ баштаган коалиция колдоо көргөзүүдө. Бул жердеги операцияга тартылгандардын эсебинде, Ракканын ичинде ИМ тобунун кеминде эки жарым миңдей согушкери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG