Линктер

дүйшөмбү, 27-май, 2019 Бишкек убактысы 02:15

Бишкекте “Мээримдүү тыйын” кайрымдуулук акциясы өтөт


"Мээримдүү тыйын" акцияларынын бири.

6-майда “Азия Молл” соода борборунда белгиленген иш-чараны “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду уюштурган.

Анда фонддун каттоосунда турган жана чукул арада операцияга муктаж балдарга каражат чогултулат.

“Мээримдүү тыйын” акциясы жыл сайын эки ирет - ноябрда жана майда өткөрүлүп турат. Былтыр ноябрь айы ичинде акция учурунда 232 миң сом топтолуп, операцияга муктаж бир кишиге жана төрт балага таратылып берилген. Акция башталган үч жылдан бери жалпы 20дан ашык баланын операциясы үчүн каражат топтолгон.

Былтыр БУУ "Мээримдүү тыйын" долбоорун жакыр өлкөлөргө үлгү катары көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG