Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Матраимовдун өкмөткө каршы жазган арызы сотто каралат


Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.
Сапар Исаков жана Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкмөткө каршы жазган арызы сотто карала баштайт.

Жогорку сот билдиргендей, Биринчи май райондук соту доо арызды кароонун мөөнөтүн бүгүн саат 10.00гө белгилеген. Матраимов өзүн кызматынан алуу боюнча өкмөттүн чечимин "мыйзамсыз" деп табууну жана кызмат ордун кайра калыбына келтирүүнү өтүнүп, сотко кайрылган.

Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун "анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт" деп негиздеген. Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Мамлекеттик бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 миллион сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 миллион сомдун ордуна болгону 1,5-2 миллион сом гана жыйналып келгенин жарыялаган.

Анын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” берген комментарийинде Сапар Исаков инисин "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” айткан. Мындан тышкары ал бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышын, жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилишин жүйө келтирген. (NT)

XS
SM
MD
LG