Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Чубак Жалилов өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди


Чубак ажы Жалилов.
Чубак ажы Жалилов.

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын (муфтиятты) жетектеп турганда өзүнө карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасынын 25-апрелдеги чыгарылышында муфтияттын иши тууралуу сөз болуп, анда муфтийлик орун бир катар чуулгандуу окуялар менен коштолгону баяндалган. Муфтиятты 2010-2012-жылдарда жетектеген Чубак Жалилов ажылык сапардан түшкөн каражаттын салыгына байланыштуу ызы-чуудан улам мөөнөтүнөн эрте кызматынан кеткени, бул боюнча козголгон кылмыш иши "аягына чыкпаганы" айтылган.

Жалилов бул телекөрсөтүүдөн кийин ажылыктан түшкөн салыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши аягына чыгып, сот аны "күнөөсүз" деп тапканын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ошол кезде кылмыш иши негизсиз козголгон. Юристтер "диний ишканалар салык төлөбөйт" деп түшүндүрүп, Жогорку Кеңештин Финансы комитети да муфтияттын ишине "туура" деген баа берген. Бул окуялардын убагында "Вечерний Бишкек" гезити Жалиловду "8 000 000 сомду жеп кетти" деп жазып чыгып, экс-муфтий басылманы сотко берген. Соттук териштирүүдө гезиттин маалыматтары аныкталган эмес, натыйжада басылма айыппулга жыгылып, Жалилов сотто жеңип чыккан.

Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус Сарановдун айтымында, жыл сайын ар бир ажыдан 100 доллар "уюштуруу иштери үчүн" деп муфтиятка түшөт. Мекеме ушул акчанын эсебинен жашайт, башка каржылоо булактары жок.​ Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 12-февралында "ажылыктан салык алынбашы керек" деген чечим кабыл алып берген.

Кыргызстан эгемендик алгандан берки тарыхында ажылыктан салык алынган эмес. Чубак Жалилов башкармалыкты жетектеп турганда ажылык зыяраттан түшкөн акчадан " муфтият салык төлөгөн эмес" деген негизде кылмыш иши козголгон.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн. Бул былтыркыдан 640 орунга көп. Быйылкы зыярат август айына туш келет. Зыяратчылар ажылыкка июль айында жөнөй баштайт. Быйылкы ажылык сапардын баасы 2890 доллар деп бекитилген. (NT)

XS
SM
MD
LG