Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:12

УКМК: Шадиев чек арадан сыртка өткөн эмес


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Кыргызстандан сыртка чыгып кетти” деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

- Бүгүнкү күндө Аскарбек Шадиев расмий түрдө мамлекеттик чек арадан эч жакка чыккан эмес. Учурда ага карата Башкы прокуратура буга чейин козгогон кылмыш ишин тергөө уланууда, - деди Рахат Сулайманов.

Мындан бир аз мурдараак Аскарбек Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков ал дарыланыш үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирген. Эрмековдун айтымында, Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу соңку беш жылдан бери дарыгерлердин каттосунда турчу. "Ал чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатыш үчүн 27-апрелде кетти. Дарылануусу аяктагандан кийин кайра кайтып келет” деди Эрмеков. Бирок ал жетекчиси кайсы өлкөгө кеткенин тактаган жок.

Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогону 28-апрелде маалымдалган.

Быйыл февраль айында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы жарыяланган.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров комитеттин ошол кездеги төрагасы Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган.

Факт ачыкка чыгып, кызуу талкууланып жаткан учурда Шадиев Закиров аны “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүш керек” деп шаштырганын айтып, кол койгону үчүн өкүнөрүн билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG