Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:09

Британ парламенти "Магнитский актын" кабыл алды


Сергей Магнитскийдин сүрөтү тартылган төш белгилер, 8-апрель, 2013-жыл.

Британ парламентинин төмөнкү палатасы Орусияда адам укуктарын бузган жооптуу жарандарга каршы санкцияларды кабыл алды.

Британ тышкы иштер министри Борис Жонсон парламентте добуш берүүсүз жактырылган чечимди “маанилүү учур” деп атады.

“Бул чечим Британияга дүйнөдө олуттуу укук бузуулар үчүн жооптуу адамдарга каршы чара көрүүгө жол берет. Британия дүйнөдө адам укуктарын коргоону көздөйт” деп жазды министр "Твиттердеги" баракчасына.

Эми чечимди парламенттин жогорку палатасы бекиткен соң ал мыйзамга айланат. Британия мартта Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы кызы экөө ууландырылгандан кийин Орусияга каршы чараларды күчөттү. ​

“Магнитский акты” деп аталган мыйзамды АКШ алты жыл мурда кабыл алган. Андан кийин андай мыйзамды Канада жана бир катар европалык өлкөлөр да кабыл алышкан. Мыйзам тергөө абагында каза тапкан орусиялык юрист Сергей Магнитскийдин урматына атылган. "Нermitage Capital" фондунун юристи Магнитский Орусиянын бюджетиндеги ири коррупциялык схемалардын бетин ачкан. Орус бийлиги аны "салык төлөөдөн качкан" деген айып менен камакка алган.

XS
SM
MD
LG