Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

АКШда өзбекстандык качкын “терроризмге тиешеси бар" деп табылды


АКШда терроризмге байланыштуу айыпталып сот жообуна тартылган өзбекстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШда терроризмге байланыштуу айыпталып сот жообуна тартылган өзбекстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Федералдык соту өзбекстандык качкын Бахтияр Жумаевди терроризмге байланыштуу эки кылмышка айыптуу деп тапты.

"Denver Post" гезитинин жазганына караганда, прокурорлор Жумаев Ооганстан менен Пакистандын чегиндеги “Ислам жихады” аттуу куралдуу топко “акчалай жардам берип турган” деп табышкан. Тергөөнүн маалыматы боюнча Жумаев бул топко 300 доллар которгон.

30-апрелде өткөн сот процессинде адвокат Бэрри Савиц Жумаев мурдагы карызын төлөш үчүн акча которгонун билдирди.

Прокурордун жардамчысы Грегори Холлуэя 2012-жылы "Жумаев Федералдык иликтөө бюросунун агенттерине куралдуу топко акча которгонун мойнуна алган" деген жүйө келтирди. Адвокат болсо өзбекстандык качкын “үч саат бою сурак берип, коркуп тургандыктан, күнөөнү мойнуна алып койгонун” айтты.

Жумаевге сот өкүмү 18-июлда угузулат. АКШда кийинки жылдары терроризмге байланыштуу кылмыштар боюнча айыпталып, Өзбекстандан чыккан бир нече киши жоопко тартылды.

АКШ "Ислам Жихады" уюмун террордук топтордун "кара тизмесине" кошкон. Эгер өзбек качкындын күнөөсү далилденсе, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG