Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Кытайлык компания Жалал-Абадда асма жол курууга кызыгууда


Кыянбек Сатыбалдиев кытайлык инвесторлорду кабыл алды.
Кыянбек Сатыбалдиев кытайлык инвесторлорду кабыл алды.

Кытайлык инвестор Сузак районуна чоң заманбап парк зонасы бар логистикалык борбор жана Жалал-Абад шаарына асма жол курууга кызыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди.

- Бүгүн өкүлчүлүктүн аппаратында Кытайдын “Борбор Азиядагы эл аралык өнүктүрүү” компаниясынын кызматкерлери менен жолугушуу болду. Аларга Сузактын Барпы аймагындагы 20 гектар жерге 30 млн. долларга жаштардын заманбап паркын жана логистикалык борбор, Жалал-Абад шаарынын борборунан курорт аймагындагы тоого чыгуучу 280 млн. сомдук асма жол куруу долбоорлорун көрсөттүк. Кытайлык инвесторлор учурда бул долбоорлор менен жеринде таанышып жатышат, - деди Сатыбалдиев.

Жалал-Абад облусу менен Кытайдын Шэньси провинциясы кызматташтык тууралуу келишим даярдап жатышканы да маалым болду. Айыл чарба, өнөр жай жана туризм тармактарына өзгөчө көңүл бурулганы жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG