Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

"Журналисттерди коргоо комитети" сөз эркиндигинин абалына сереп салды


Кыргыз гезиттери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз гезиттери. Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) 3-май Эл аралык сөз эркиндигин коргоо күнүнө карата дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалына сереп салды.

Анда 2018-жылы дүйнөдө 22 журналист киши колдуу болгону, 262 журналист былтыр соттолуп, түрмөгө камакка алынганы жана 58 журналист дайынсыз жоголгону жазылган.

Буга чейин аталган эл аралык комитет Кыргызстандагы сөз эркиндигине тынчсыздануусун билдирип, журналист Элнура Алкановага жана "Заноза" интернет-басылмасына карата жүргөн соттук териштирүүлөрдү сөз эркиндигине карата кысым катары сыпаттап келген.

3-май Эл аралык сөз эркиндигин коргоо күнү катары БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылдан баштап белгиленип, эл аралык коомчулукту басма сөз эркиндигин коргоого чакырып келет.

XS
SM
MD
LG