Триполи шаарындагы Ливиянын шайлоо комиссиясынын кеңсесин бутага алган кол салууда кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылды. Жанкечти имаратка кирип барып бомбаны жардырып жибергенин, башка согушкерлер болсо ал жерге өрт койгонун Ливиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Социалдык медиага чыккан видеодо кеңседен кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.
Шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Халед Омар коопсуздук күчтөрү имаратка көзөмөлүн орнотууга аракет кылышканын айтты.
Шайлоо жараянын үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек.
Улуттар Уюмунун көмөгү менен өтүп жаткан шайлоо 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан кийинки өлкөнү турукташырууну көздөйт.