Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Ливия: 62 жылдагы биринчи эркин шайлоо


Ливиялык аял шайлооканада добуш бергенден кийин. Триполи, 7-июль, 2012
Ливиялык аял шайлооканада добуш бергенден кийин. Триполи, 7-июль, 2012

Ливиядагы парламенттик шайлоодо дүниябий Улуттук күчтөрдүн альянсы көп добуш алды.

Исламчыл "Адилеттик жана Куруучулук" партиясы шайлоодо коңшулаш Тунис жана Египеттеги санаалаштарындай ийгиликке жеткен жок. Либералдуу альянска коалициялык өкмөттү түзүү үчүн мажоритардык шайлоо округдарында жеңген көзкарандсыз 120 депутат менен мунаса табышы абзел.

Ливияда 7-июлда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы шейшемби күнү Триполиде болгон расмий салтанатта жарыяланды. Жогорку улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нури ал-Аббар буларды билдирди:

- Биринчи (орундагы) Улуттук күчтөрдүн альянсы 39 мандатка ээ болду. "Адилеттик жана Куруучулук" партиясына 17 орун тийди. "Улуттук күч" партиясы үч орун алды. Өрөөндөрдүн "Демократия жана өнүгүү үчүн жашоо" альянсы 2 мандат жана "Тууган жер" бирикмеси 2 мандат жеңди.

Жогорку улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нури ал-Аббар шайлоонун жыйынтыгын жарыялоодо
Жогорку улуттук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нури ал-Аббар шайлоонун жыйынтыгын жарыялоодо
Пропорционалдык система боюнча шайлоодо жеңишке жеткен Улуттук күчтөрдүн альянсы - дүниябий жана либералдуу көз караштагы партиялардын бирикмеси. Анын лидери - Ливиянын мурдагы премьер-министри Махмуд Жибрил.

Экинчи көп добуш алган "Адилеттик жана Куруучулук" партиясы - жергиликтүү “Мусулман агайындар” кыймылынын саясий канаты. Тунис жана Египет исламчыларындай жеңишке жетпеген бул партия өкмөттүк коалицияга кошулбасын алдын ала эскертти.

Ошондуктан дүниябий альянс регионалдык майда партиялар жана көз карандысыз депутаттар менен коалицияга барууга тийиш.

Жалпы улуттук конгресс-парламенттеги 200 орундун 80 пропорционалдык система же партиялык тизме боюнча бөлүнгөн. Калган 120 мандат мажоритардык шайлоо округдарында көп добуш алып жеңген көз карандысыз талапкерлерге таандык.

Кайсы бир чечим же мыйзам кабыл алыныш үчүн аны депутаттардын үчтөн экиси колдоосу шарт.

Көңүл бурчу дагы бир жагдай, парламенттеги орундар региондордун калкынын санына жараша бөлүнгөндүктөн, Батыш аймактарга 100 мандат, Чыгышка 60 жана Түштүк аймакка 40 орун тийген.

Маалыматтарга караганда, аялдар парламентте 30 мандатка ээ болушту.
Ливиядагы шайлоо эл аралык коомчулуктун оң баасын алды. Евробиримдиктин байкоочулары, маанилүү саясий өнөктүк жалпысынан “тынч жана чатаксыз” өткөнүн билдиришти.

Ливиянын жаңы парламенти алдында үлкөн вазийпа турат. Ал азыркы утурумдук өкмөттү алмаштырат; бир жылдык өткөөл мезгилде өлкөнү башкарат жана жаңы Конституциянын негизинде жалпы элдик шайлоо өткөрүп, анын жыйынтыгына таянып жаңы өкмөттү түзөт.

Ливияда 1952-жылдан бери болгон алгачкы эркин шайлоого катталган адамдардын 62 проценти - 2, 7 миллиону катышты. Болжолдуу эсептөөлөргө караганда, Ливиянын калкы 6, 5 миллионду түзөт.

Өлкөнү 42 жыл башкарган Муаммар Каддафинин өкмөтү былтыр февралда “Араб жазынын” эпкини менен башталган элдик козголуштун натыйжасында кулатылган. Ал эми өзү 20-октябрда Сирт шаарында көтөрүлүшчүлөрдүн колунан өлгөн.

XS
SM
MD
LG