Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Каддафичилер Ливиядан Нигерге өттү


Ливиядан коңшу Нигер өлкөсүнүн аймагына брондолгон унаалардын чоң тобу киргени маалым болду. Бул окуя бийликтен кулатылган Муаммар Каддафи жан –жөөкөрлөрү менен бирге коңшу мамлекетке качып өттүбү деген жоромолдорду жаратууда.

Нигер - Ливиянын түштүктөгү эки коңшусунун бири. Чек арадан ливиялык армиянын брондолгон 200дөн ашуун унаасы өткөнүн Нигердин өзүнүн жана ал мурда колониясы болгон Франциянын аскерий булактары ырасташты. Ливия тараптан келген кербенди анын үстүнө Нигер армиясынын жоокерлери коштоп жүргөн. Бул окуя бийликтен кулатылган Муаммар Каддафи жан-жөкөрлөрү менен бирге мурда ага дос болуп келген коңшу өлкөлөрдөн башпаанек табууга жашыруун сүйлөшүүлөр аркылуу жетиштиби деген жоромолдорду жаратууда.

Каддафи убадасынан тайдыбы?

Триполиден качкандан бери кайда экендиги белгисиз Каддафи өзүнүн соңку аудиокайрылууларында Ливиядан эч жакка кетпей, өлүмгө же жеңишке чейин кармашууну убада кылып келген.

Аскерий эскперттердин пикиринде, чоң автокербендин коңшу Нигерге коопсуз өтүп кетүүсүн Ливиянын аймагын БУУнун санкциясына ылайык учууга болбой турган аймак деп жарыялаган НАТОнун аба күчтөрү байкабай калмак эмес.

Бирок НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен кабарчылар менен 5-сентябрдагы маегинде Каддафи режиминин мүчөлөрүн, анын ичинде Каддафинин өзүн бутага алуу НАТОнун учактарына берилген мандатка кирбей турганын белгилеген:


- Жеке адамдар, анын ичинде Каддафи биздин операциянын бутасы эмес. Мында чечүүчү ролду Улуттук өткөөл кеңештин иш жүзүндө эл эффективдүү корголушун камсыздай алуу мүмкүнчүлүгү ойнойт.

Каддафи режимине каршы күрөштө жетектөөчү ролду ойногон Франция армиясындагы булактардын болжолунда, Нигерге өткөн топтун катарында Каддафи менен кошо анын уулу Саиф ал-Ислам да болушу мүмкүн. Каддафи убадасына туруп, Ливиянын аймагында калган күндө деле Нигерге баргандар кийин коңшу Буркина Фасого жылганда кошулуусу ыктымал. Бул өлкө Каддафиге саясий башпаанек сунуш кылууда.

Буга чейин Каддафинин үй-бүлөсүнөн аялы, кызы жана эки уулу коңшу Алжирге өтө качуу менен камактан кутулуп кетишкен. Улуттук өткөөл кеңеш аларды кайтарып берүүнү талап кылган.

Соңку кабарларга караганда, Ливиядан барган каддафичилер Нигердин түндүгүндөгү чөлдө жайгашкан Агадез шаарына жеткен. Агадез борбору болгон аймакта туарагей деген уруу үстөмдүк кылат.

Каддафичилерди Нигердин аймагына өткөрүүдө мына ушул уруунун жолбашчылары кол кабыш кылган. Агадез шаарында аба бекети бар жана ал аркылуу Каддафи, анын үй-бүлө мүчөлөрү, режимдин өкүлдөрү Буркина Фасо өңдүү үчүнчү өлкөгө учуп кете алышат.

Учурда каддафичилердин акыркы калдыктары жыйналган Бани Валид шаарын курчап турган козголоңчулардын бири – Абу Бакир Рейтердин кабарчысына буларды айтты:

- Биз аны камайбыз деп үмүттөнөбүз. Бирок эгер ал Нигерде, Чадда, Малиде калган болсо ливиялыктар менен катар дүйнө үчүн да чоң көйгөйлөрдү жаратат. Ал кайсыл жерге барбасын камакка алынат.

Бани Валид багына элек


Улуттук өткөөл кеңештин ортомчулары Бани Валиддеги уруу башчылар менен кездешүүдө. 6-сентябрь, 2011-жыл.

Козголоңчулар бир нече күндөн бери курчап турган Бани Валид шаарынын кан төгүүсүз багынып берүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Борбор Триполиден 140 чакырым тштүк-чыгышта, чөлдө жайгашкан бул шаарда Ливиядагы эң чоң уруулардын бири – фарфалла уруусунун адамдары жашайт. Ливиялыктардын бир миллиону же өлкө калкынын алтыдан бир бөлүгү ушул уруудан чыккандар. Андыктан Каддафиге каршы согушкан жана аны жактаган күчтөрдүн арасында да аталган уруунун өкүлдөрү бар.

Ушундан уламбы Ливиянын азыркы бийлиги Улуттук өткөөл кеңеш Бани Валидди курчап турган күчтөр келечекте бөлүнүп-жарылууга алып баруучу уруш алдын алынат деген үмүттө сүйлөшүүлөр оң жыйынтык менен аякташын сабырдуулук менен күтүп жаткандай.

Улуттук өткөөл кеңештин күчтөрү – Каддафинин кичи мекени Сирт шаарын да курчоого алып турушат жана шаардын багынуусу үчүн 10-сентябрга чейин убакыт берилип, болбосо чабуул жасалары эскертилди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG