Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Ливия: Каддафинин колундагы соңку жайлар үчүн салгылаш


Ливялык козголоңчулар, 5-сентябрь.
Ливялык козголоңчулар, 5-сентябрь.

Ливиянын Өткөөл кеңешинин аскерлери Муаммар Каддафинан колдоочуларын сүрүп чыгарыш үчүн чөлдүү Бани Валид шаарына чабуул коюуга камданууда.

Жекшембиде Каддафи тарап бул шаарды тынч, ок атуусуз бошотуу боюнча сунуштан баш тарткан.

Ливиянын Утурумдук өкмөтү Каддафи тараптын колунда калган соңку жайлардын бири – Бани Валид шаарын алууга камданып жатканын билдирди. Жекшембиде Өткөөл кеңештин өкүлдөрү каршылаш тарап менен бул чөлдүү шаарды тынч бошотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Кеч аяктаган сүйлөшүү жемишсиз болгонун Өткөөл кеңештин башкы ортомчусу Абдулла Каншил маалымдап: “Биз тараптан сүйлөшүү бүттү”, - деп басым жасады.

Каддафинин бийлигине каршы согушуп келаткан миңдеген куралчан адам Бани Валидди ар тараптан курчоого алышты. Дал ушул шаарда Муаммар Каддафинин бир уулу бар деген маалымат тараган. Дүйшөмбүнүн таңында Триполиден жиберилген танкачан аскерлер Бани Валидден 15 чакырымдай жерге барып калышты. Шаардан шашылыш кетип жаткан жашоочулар каддафичил күчтөрдүн көбү согуштук техника, курал-жарагы менен кошо калаанын четиндеги дөңсөөлөргө чыгып кетип атканын айтышууда.

Ливиядагы эң чоң уруулардын бири – Варфалла уруусунун кыйындары уруулаштарын аягына дейре Муаммар Каддафи үчүн күрөшүүгө үндөшкөн. Бани Валид шаарында дал ушул уруунун өкүлдөрү басымдуулук кылат. Дүйшөмбүдө Каддафинин басма сөз катчысы Муса Ибрагим Бани Валиддеги уруу башчылары аягына дейре турушат деп ишендирди.

- Бир нерсени кайталап айтып коёюн. Бани Валид - Ливиядагы эң чоң уруулардын бири байырлаган ири шаар. Бул уруу Муаммар Каддафини колдой турганын ачык айткан. Ошондуктан алар Өткөөл өкмөттүн чабармандары менен сүйлөшүүдөн баш тартышты.

Жекшембиде алар менен сүйлөшүүгө келген Өткөөл кеңештин чабарманы Каншил - Муаммар Каддафи жакын туугандары менен жакында эле дал ушул шаарда болуп кеткенин кошумчалады, бирок качан, ким менен барганын тактап айткан жок.

Эки тараптын касташуусу күч алып, бүгүн-эртең Бани Валиддин тегерегинде чоң уруш башталчудай болуп калды. Шаарды тегерете курчаган Өткөөл кеңештин аскерлери Триполиден буйрук келсе эле чабуулга өтүүгө даяр турганын билдиришти. Аңгыча Муаммар Каддафинин уулдарынын бири Саади Каддафи өзүн “бейтарап адам” жарыялап, Бани Валиддеги кандуу уруштуу болтурбаш үчүн сүйлөшүүгө көмөк көрсөтүү ниетин билдирди. Дем алыш күндөрү болгон сүйлөшүү майнапсыз аяктаганы үчүн ал өзүнүн бир тууганы Саиф ал-Исламдын өткөн аптада телеканалдар көргөзгөн ашынган каардуу билдирүүсүн айыптады.

Саиф ал-Ислам менен атасы Муаммар Каддафи экөөнө Ливияда алты ай мурда башталган элдик толкундоолор маалында адамзатка каршы эсепсиз кылмыштарга жол бергени үчүн Эл аралык кылмыш соту тарабынан издөө салынган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG