Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Ливиялык адаватчыларды Араб Лигасы да тааныды


Адаватчылар Триполидеги Баб-ал-Азизия резиденциясынын жанында, 25-август.
Адаватчылар Триполидеги Баб-ал-Азизия резиденциясынын жанында, 25-август.

Араб Лигасы адаватчылардын Улуттук Убактылуу Кеңешин Ливия элинин бирден бир мыйзамдуу өкүлү деп тааныды.

Улуттук Убактылуу Кеңеш өлкө чыгышындагы Бенгазиден Триполиге көчүп келгенге камданып жатат. Ливиянын чет өлкөлөрдүн банктарында камакка алынган мүлк-дүйнөсүн козголоңчуларга пайдаланууга берүү боюнча дипломаттык аракеттер күч алууда.

25-август ливиялык козголоңчулар үчүн дипломаттык майдандагы маанилүү күндөрдүн бири болду. Араб лигасы полковник Муаммар Каддафинин 42 жылдык режимине каршы алты айдан берки көтөрүлүштү жетектеп жаткан Улуттук Убактылуу Кеңешти Ливия элинин бирден бир мыйзамдуу өкүлү деп тааныды. 22 өлкөнү бириктирген Араб Лигасынын бул кадамы дүйнө лидерлери ливиялык адаватчылардын Кеңешин Каддафиден кийинки өлкөнүн жаңы өкмөтү деп таанууга даяр болуп калганынан белги берет.

Оппозиция Каддафинин башы үчүн 1 миллион доллардан ашык сыйлык сайды жана аны кармап берген же өлтүргөн бийлик өкүлүнө мунапыс убада кылды.

НАТО альянсы Каддафини издөөдө эрегишчилерге чалгындоо маалымат жана техникалык жабдуулар менен жардамдашууда. Бирок Триполини калган-каткан каддафичил аскерлерден бошотууда авиациядан жардам бербесин НАТОнун өкүлү маалымдаган. Ал эми адаватчыларды биринчи күндөн колдогон Франциянын президенти Саркози шаршемби күнү түндө сүйлөп, каддафичил күчтөр тып-тыйпыл кылынганча, НАТОнун Ливиядагы миссиясы бүтпөйт деп эскерткен. Саркози, ырасмий маалымдалганга караганда, Ливияны кайра куруу маселесин Бээжиндеги азыркы визити учурунда Кытай жетекчилери менен талкуулайт.

Козголоңчулар Муаммар Каддафини Ливияда соттоону каалашууда. Эл аралык кылмыш соту Каддафини жана уулу Сайф ал-Исламды адамгерчиликке каршы кылмыш жасады деп айыптап, Гаагада соттогонго кызыкдар экенин 22-августта кулак какты кылган.

Улуттук Убактылуу Кеңеш өкмөттүк кызматкерлерге маяна төлөө, маанилүү мекеме-ишканалардын, айрыкча, ооруканалардын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Ливиянын тыш өлкөлөрдүн банктарында тоңдурулган кеми 5 миллиард долларын берүүнү суранууда. Бул жаатта дипломаттык аракеттер башталды. Кошмо Штаттар шаршемби күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине киргизген резолюция долбоорунда эрегишчилерге гумманитардык керектөөлөр үчүн 1,5 миллиард доллар берүү сунуш кылынган. Долбоор чукул арада колго салынат деп болжолдонууда.

Бул демилгени Италия да колдоп, өлкө банктарында камалып турган 350 миллион еврону ливиялык адаватчыларга берүүгө даяр экенин билдирди.

Улуттар Уюмун Ливиянын тыш өлкөлөрдө тоңдурулган акчаларын көтөрүлүшчүлөрдүн өкмөтүнө берүүгө Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу да чакырды:

- Биз Улуттук Убактылуу Кеңешти бүгүн алардын алдында турган килейген иштерди жөнгө салуусу үчүн зарыл каражаттар менен камсыздашыбыз керек. Буга байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында Убактылуу Кеңештин өтө зарыл финансылык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн тийиштүү кадамдарды жасообуз шарт.

Даудоглу мындай үндөөнү Ливия боюнча байланыш тобунун Ыстамбулдагы жыйынында жасады. Жыйында даражалуу дипломаттар жана козголоңчулардын чабармандары Ливияны колдоо боюнча шашылыш жасалчу иштерди талкуулашууда.

Эрегишчилер азыр өкмөттүк бийлик бутактарын жер-жерлерде ырааттуу иштетүү зарыл экенин түшүнүшөт. Муну Улуттук Убактылуу Кеңештин төрагасынын найиби Али ал- Исави 25-августта Триполиде “Азаттыктын” кабарчысына жана башка журналисттерге берген интервьюда баса белгиледи:

- Биз жергиликтүү өкмөттөрдү, жергиликтүү кеңештерди түзүп, жергиликтүү тейлөөнү кызматка койууну жана өкмөттү Триполиге көчүрүп келүүнү, баарынан мурда тескөөчү структураларды борборго жылдырууну каалайбыз.

Улуттук Убактылуу Кеңеш Каддафинин режимине каршы февралдын ортосунда куралдуу көтөрүлүш башталгандан бери Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG