Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Козголоңчулар Триполиде казатка топтолууда


Адватчылар "Rixos" мейманканасында Каддафинин портретин тепселеп турушат. Триполи. 24-август, 2011-жыл.
Адватчылар "Rixos" мейманканасында Каддафинин портретин тепселеп турушат. Триполи. 24-август, 2011-жыл.

Оппозициячыл согушчандар Триполиге бар күчүн топтоп, Муаммар Каддафиге ишенимдүү аскерлердин акыркыларын таш-талкан кылганга аракет жасоодо.

Адаватчылардын Улуттук Убактылуу Кеңеши өлкө чыгышындагы Бенгазиден Триполиге көчүп келгенге камданып жатат. Ал эми Улуттар Уюмунда Ливиянын чет өлкөлөрдүн банктарында камакка алынган мүлк-дүйнөсүн козголоңчуларга пайдаланууга берүү боюнча дипломаттык аракеттер башталды.
Бенгазилик ишкер Каддафини ким кармаса, ага 2 миллион Ливия динарын берет.


Муаммар Каддафинин Триполидеги калган-каткан аскерлерин жок кылууга топтолуп жаткан күчтөрдү мисураталык ардагер согушчандар жетектөөдө. Аларга Ливиянын булуң-бурчтарынан келген адаватчылар кошулууда. Козголоңчулар баш калаанын негизги бөлүгүн көзөмөлдөгөнү менен ар жерге жашынган снайперлер, жолбун ракеталар жана артиллериялык аткылоолор адам өмүрү үчүн коркунуч жаратууда. Айрыкча, Каддафинин резиденциясы
Козголоңчулар жана алардын жактоочулары жеңишин майрамдоодо. Муаммар Каддафинин Баб ал-Азизия резиденциясы. 24-август

Баб ал-Азизия менен Зоологиялык бак тарап өзгөчө кооптуу.

“Rixos” мейманканасында кармалып жаткан чет элдик журналисттердин тобун каддафичилер өткөн түнү бошотушту. Бирок Триполиде уурдалган төрт кабарчынын тагдыры белгисиз.









Полковниктин башы 1,7 млн. долларга бааланды


Оппозиция Каддафинин башы үчүн 1 миллион 700 миң доллар сыйлык сайды жана аны кармап берген же өлтүргөн бийлик өкүлүнө мунапыс убада кылды.

“Бенгазилик ишкер Каддафини ким кармаса, ага 2 миллион Ливия динарын берет. Өз кезегинде Улуттук Убактылуу Кеңеш Каддафини өлтүргөн же кармап берген анын жакын чөйрөсүндөгү адамга жамаат атынан мунапыс берет”, - деп жарыя кылды Кеңештин төрагасы Мустафа Абдел Жалил.

НАТО альянсы Каддафини издөөдө эрегишчилерге чалгындоо жана техникалык жабдуулар менен жардамдашып, Триполини алууда авиациядан көмөк көрсөтпөйт. Бул жөнүндө Британиянын коргоо министри Лиам Фокстун “Sky news” телеканалына айтты. Бирок адаватчыларды биринчи күндөн колдогон Франциянын президенти Саркози шаршемби күнү түндө сүйлөп, каддафичил күчтөр тып-тыйпыл кылынганча, НАТОнун Ливиядагы миссиясы бүтпөйт деп эскерткен. Саркози ырасмий маалымдалганга караганда, Ливияны кайра куруу маселесин Бээжиндеги азыркы визити учурунда Кытай жетекчилери менен талкуулайт.

Козголоңчулар Муаммар Каддафини Ливияда соттоону каалашууда. Эл аралык кылмыш соту Каддафини жана уулу Сайф ал-Исламды адамгерчиликке каршы кырмыш жасады деп айыптап, Гаагада
Козголоңчулардын согушчаны Баб ал-Азизия резиденциясында жашынган снайперди автоматтан аткылоодо. Триполи.24-август
соттогонго дилгир. Мындай билдирүүнү Эл аралык кылмыш сотунун прокурору 22-августта Каддафини адаватчылар туткунга түшүргөнүн жар салып жиберер замат жасаган.


Козголоңчуларды дагы 2 өлкө тааныды


Вашингтондун айтымында, Каддафинин массалык кыргын салчу куралдары бекем күзөткө алынган. Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланддын билдиришинче:

- Биз калаба башталгандан бери белгилүү ракеталык жана химиялык элементтер сакталган жайларды көзөмөлдөп турабыз. Биз бул ишти улантабыз. Белгилүү ракеталык жана химиялык агенттер сакталган жайлар коопсуз деп ишенебиз. Биздеги техникалык каражаттарга таянып, аларда эч кандай кыймыл жок жана кооптонууга негиз жок дейбиз.

Нуланд айымдын сөзүнчө, АКШ администрациясы Триполиде согуштук операциялар токтор замат козголоңчулардын Улуттук Убактылуу Кеңеши өкмөттүк мекемелерди ыкчам ишке киргизеринен күмөн санабайт. Деген менен алты айдан бери Бенгазиде жайгашкан Кеңеш эрте дегенде эмки жумага чейин Триполиге көчпөсүн айтууда.

Бу тушта Ливиянын тыш өлкөлөрдө тоңдурулган миллиардаган долларын козголоңчуларга берүү боюнча дипломаттык аракеттер башталды. АКШ тарап Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине киргизген резолюцияда Жалил башындагы Кеңешке гуманитардык керектөөлөр үчүн 1,5 миллиард доллар берүү сунуш кылынган. Долбоор чукул арада колго салынат деп болжолдонууда.

Бул демилгени оппозициянын Катардагы жактоочулары да колдоодо.

Удаа эле козголоңчулар Африкада маанилүү дипломаттык ийгиликке жетишти. Каддафинин антташ союздаштары -Чад жана Буркина Фасо мамлекеттери Улуттук Убактылуу Кеңешти Ливия элинин бирден бир мыйзамдуу өкүлү деп тааныды. Буга чейин адаватчыларды 32 өлкө тааныган.

XS
SM
MD
LG