Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Каддафи акыркы аял-эркек калганча бийлигин коргойт


Муаммар Каддафи машинесин айдап баратат. Триполи, 2-март, 2011.
Муаммар Каддафи машинесин айдап баратат. Триполи, 2-март, 2011.

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи эл аралык коомчулуктун кызматтан кетүү жөнүндөгү чакыруусун четке какты.

Ал 2-мартта Триполиде өз талапкерлери алдында сүйлөп, өлкөнүн көпчүлүк калкы анын бийлигин колдоорун айтты. Жарыша эле Эл аралык кылмыш сотунун прокрору Ливиядагы адамдарды мүмкүн болгон өлтүрүүлөр боюнча тергөө башталарын жарыя кылды.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Луис Морено-Окампо 2-мартта билдиришинче, Ливияда мүмкүн болгон адамзатка каршы кылмыштар боюнча тергелчү адамдардын ысымдары 3-мартта аталат. Андан бир аз мурда Муаммар Каддафи Триполиде үч саат бою өз жактоочулары алдында сүйлөп, көпчүлүк ливиялыктар аны колдошорун жана “акыркы аял-эркек өлгөнчө” согушарын айтты.

Ошондой эле анти-
Козголоңчулар Каддафинин сүрөттөрүн жана ал жазган "Жашыл китептин" нускаларын өрттөшүүдө. Бенгази, 2-март 2011
өкмөттүк чыгууларга “ал-Кайида” шыкакчы болууда деди. Каддафи эл аралык маалымат булактарын өлкөдөгү окуяларды “бузукулук менен чагылдырууда” деп сындап, лидерликтен кетүү жөнүндөгү чакырууларды, анын ичинде Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозунун үндөөсүн четке какты.

Баррозу шаршемби күнү (2-мартта) Каддафиге кайрылып: “Ливиядагы режимдин акыркы апталардагы ынангыс аракеттери полковник Каддафи көйгөйдүн бир себепчиси экенин жана жагдайды жөндөөгө катыша албасын көзгө сайып көрсөттү. Өлкөнү Ливия элине кайра кайтарчу, демократиялык күчтөргө болочокту пландоого мүмкүндүк берчү мезгил келди”, - деген эле.

Соңку маалыматтарга караганда, Каддафиге ишенимдүү күчтөр эрегишчилерди Ливиянын чыгышында жана батышында ээлеген шаарларынан сүрүп чыгууга аракеттенүүдө.

Тирешкен эки жак чыгыштагы Брега шаарында мунай экспорттоочу терминалды ээлегенин ырастоодо.

Күбөлөрдүн айтышынча, 2-мартта козголоңчулардын колундагы
Адаватчылар Аждабия шаарынын четинде Брегага бараткан жолдо. 2-март 2011
Аджабия шаарын Каддафиге ишенимдүү учактар абадан бомбалады.
Батышта козголоңчулар өз өкмөттөрүн уюштуруп жатышат. Завия шаарында оппозиция саат сайын күч алып жатканын анти-өкмөттүк күчтөрдүн жоокери Хайзам 2-мартта Ройтерс агенттигине айткан: “Бизде куралыбыз бар. Бизде баары бар. Бизди баары колдоп жатат. Кудай биз менен. Биз Каддафини кулаткыбыз келет. Бизге башка уюм, башка система керек. Бизге эркиндик керек”.

Батыш өлкөлөрү болсо Каддафинин режимине аскерий кысымды күчөткөнгө камданууда. АКШнын эки аскерий кемеси шаршемби күнү Ливияны көздөй багыт алды. Бирок Каддафиге ишенимдүү аскерий учактардын демонстранттарды аткылоосун болтурбоо үчүн Ливиянын аба мейкиндигин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен чектөөгө жетерлик эл аралык колдоо болбой жатат. Ал үчүн Лондондун айтышынча, Коопсуздук Кеңешинин колдоосу керек эмес. Орусия эки анжы абалда турса, Франция менен Германия БУУнун мандаты зарыл экенин айтууда.

Согуш АКШ жана НАТО үчүн да чыгашалуу. Каддафинин армиясында ондогон “Жер-аба” системасындагы ракеталары бар. Ошон үчүн алар НАТО менен АКШнын аскерий учактарын уруп түшөрү шексиз дешет эксперттер.

Араб Лигасы да тышкы интервенцияга каршы болууда. Бул тушта БУУнун маалымдашынча, Ливия менен Тунистин чек арасында качкындар ашыкча көп топтолду. 20-февралда Каддафинин режимине каршы эл толкугандан бери Ливияны 100 миңден көп адам таштап кетти. Толкундоолорду басуу учурунда кеминде 1 миңдей демонстрант өлгөнү маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG