Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:43

БУУнун Коопсуздук кеңеши Каддафиге каршы санкция киргизди


Каддафинин режимине каршы Ливиянын экинчи ири шаары Бенгазидеги толкундоо, 25-февраль.
Каддафинин режимине каршы Ливиянын экинчи ири шаары Бенгазидеги толкундоо, 25-февраль.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин режимине каршы санкцияны бир добуштан жактырды.

Бишкек убактысы боюнча ишембиден жекшембиге караган түнү кабыл алган санкцияларга ылайык, Ливияга курал сатууга эмбарго киргизилет, Каддафинин, анын жакын адамдарынын жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөгө каттоосуна тыюу салынат, алардын четтеги активдери жана банк эсептери тоңдурулат. БУУнун Коопсуздук кеңеши ага катар Эл аралык кылмыш сотуна Ливиядагы окуяларды иликтеп, жарандардын өлүмү үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды.

Дипломаттар БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1970 номерлүү резолюциясын дүйнөнүн эң жогорку аткаруучу органынын ишиндеги чечүүчү окуя катары баалашты. Анткени документти Кеңеште вето салуу укугуна ээ Орусия менен Кытай да колдошту. Бул эки өлкө адатта алар тигил же бул суверендүү мамлекеттин ички иши деп эсептешкен маселелерде Коопсуздук кеңешинин чара көрүшүнө каршы чыгышчы же дарjо эле макул болчу эмес.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун резолюциянын кабыл алуу учурундагы сөзүндө, резолюция эле зордук-зомбулуктар менен репрессияларды токтото албасын, бирок маанилүү кадам экендигин жана эл аралык коомчулуктун эркин чагылдырып тургандыгын белгиледи:

- Мунун мазмуну адамдын негизги укуктарын одоно бузуу менен келишүүгө болбой тургандыгы, оор кылмыштар үчүн күнөлүүлөр жоопко тартыларын катуу айтып жатат. Мен Ливиядагы режим бул сөздү угат, эске алат деп үмүттөнөм. Али коркунучта тургандарга үмүт жана жеңилдик алып келет деп үмүттөнөм.

Ал эми АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Сьюзан Райс резолюциянын бир добуштан жактырылышы Каддафинин режимине бейкүнөө жарандарга карата мыкаачылыкты жана аларды өлтүрүүнү токтотуусу үчүн эскертүү экендигин айтты:

- 1970-резолюция – катаал резолюция. Ал Ливиянын башкы лидерлеринин чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салат, алардын активдерин тоңдуруну камтыйт. Ливияга толугу менен курал эмбаргосун киргизет. Ливиянын өкмөтү өз элине кол салуу үчүн жалдангычтарды пайдалануусуна каршы жаңы чараларды көрөт. Коопсуздук кеңеши биринчи жолу бир добуштан адам укуктары боюнча чектен чыккан кырдаалды кароону Эл аралык кылмыш сотуна сунуш кылды.

Коопсуздук кеңешин резолюциясы АКШ президенти Барак Обаманын Ливия лидери Муаммар Каддафини кызматтан кетүүгө чакыруусуна тушташ келди. Ливияда башаламандвык башталгандан бери АКШ президенти мындай чакырыкты биринчи ирет жасады.

Дипломаттар Ливиядагы окуяларды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси Эл аралык кылмыш сотунун кароосуна сунуш кылынганына да өзгөчө көңүл бурушууда. Аталган сотко мүчө эмес АКШ, Кытай, Орусия мындай сунушту биринчи ирет колдошкон.

БУУдагы дипломаттардын айтымында, Ливиянын ал жердеги элчисинин өз мекенидеги окуяларды иликтөөнү Эл аралык кылмыш сотуна тапшырууну өтүнүп, Коопсуздук кеңешинин төрагасына кат жолдогону Кытай, Орусия, АКШ үчүн башкы фактор болгон. Мурда Муаммар Каддафини эски дос деп атап жүргөн элчи Абдурахман Шалгам досунун режиминен кол үзгөнүн 25-фералда гана жарыялады. Андан төрт күн мурда Каддафинин режиминен кеткендигин БУУдагы элчисинин орун басары Ибрахим Даббаши айтып чыккан болчу. Ливиянын БУУдагы өкүлчүлүгүнүн эки жетекчиси үч-төрт күн эки башка билдирүүлөрдү жасап жатты эле, азыр экөөсү тең элге кызмат кылып жатышканын билдиришүүдө.

Ибрахим Дабашинин айтымында, ушу тапта Ливиянын четтеги элчиликтеринен 90 пайызы режимден кол үздү:

- Биз режим жаңы кабыл алынган резолюция жөнүндө ойлонот деп күтөбүз. Биз ошондой эле режим менен кызматташып жаткандар турумун аныктап, эл тарабына өтөт деп күтөбүз.

Алдыдагы аптанын башында БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун АКш президенти Барак Обама менен жолугуп, Ливиядагы мыкаачылыкты токтотуу боюнча биргелешкн чараларды талуулаганы жатат. Келерки аптада БУУнун Башкы ассамблеясы да жыйналмакчы. Анда Ливияны БУУнун Адам укуктары кеңешинен чыгаруу маселеси талкууланат. Ливияны аталган кеңештен чыгаруу үчүн Улуттар уюмуна мүчө 192 өлкөнүн үчтөн экисинин колдоосу талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG