Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Ливия: Чыгыш жагы Каддафинин бийлигинен чыгып кетти, Батыш үчүн басташуу жүрүп жатат


Ливиянын ички коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрү Чыгыштагы Тобрук шаарында өлкөнүн эски желегин көтөрүп жүрүшөт, 24-февраль, 2011-ж.
Ливиянын ички коопсуздук күчтөрүнүн мүчөлөрү Чыгыштагы Тобрук шаарында өлкөнүн эски желегин көтөрүп жүрүшөт, 24-февраль, 2011-ж.

Ливия лидери өлкөдөгү толкундоолор үчүн "ал-Кайида" террордук тармагын айыптады. Башаламандыктардын кучагында калган Ливиядан миңдеген чет элдиктер чыгып кетүүгө умтулууда. Бул өлкөдө көптөгөн жарандары байырлаган мамлекеттер аларды чыгарып кетүү үчүн учак жана кеме жөнөтүүдө.


Каддафи Батыш Ливиядагы толкундоолорду “ал-Кайида” менен байланыштырды

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи өз режимине каршы чыккан атуулдары менен күрөшкө бар аскер күчүн үрөөдө.

Каддафи телефонго жазылгандай сыяктанган жана бейшемби (24-феврал) күнү кечинде сыналгы аркылуу жарыяланган кайрылуусунда Завия шаарынын тургундарын урушту токтотууга үндөдү.

Муаммар Каддафи бул куралдуу жаңжалдын артында “ал-Кайида” лидери Усама бин Ладен турат жана бийликке каршы куралдуу көтөрүлүшкө чыккандар баңгизаттардын таасирине кабылып, мыйзамсыз аракетке барып жатат деп белгиледи жана кагылышууну токтотууга чакырды:

- Мен Завиянын эли урушту токтотот жана өз балдарын аларды урушуу үчүн алдап жаткандардан коргойт деп үмүттөнөм. Бул - Италияга каршы күрөштө шейит кеткен бир миң адамдын жери. Бул жер - уруулардын энеси. Мени капа кылбагыла.

Каддафинин бул сөздөрүнө чейин борбор шаар Триполиден 50 чакырымдай батыш тарапта жайгашкан, мунай өндүргөн шаарда өкмөттүк күчтөр менен бийликке каршы көтөрүлгөн демонстранттардын ортосунда айгышкан уруш жүрүп жатканы жөнүндө маалыматтар түшкөн.

“Ассошейтед пресс” агенттиги Завия шаарындагы күбөлөргө шилтеме жасап, армиянын Муаммар Каддафиге ыктаган бөлүктөрү өкмөткө каршы демонстранттар ичинде жана сыртында жыйналып турган мечитти алар кетүүдөн баш тарткандан кийин учактарга каршы колдонулуучу ракета жана автоматтар менен атышканын кабарлаган.

Натыйжада эл котолоп жыйылган мечиттин мунарасы талкаланган.

Кабарчылардын маалыматтарында бул жерде аңчылык мылтыктар жана тапанчалар менен куралданган демонстранттарга өкмөттүн брондуу техника менен барган 350дөй жоокери каршы туруп жатканы айтылат.

Ливиянын “Quryna” басылмасы Завияда бейшемби күнкү уруштан он адам каза тапканын жазды. Бирок набыт болгондор кайсы тараптын өкүлдөрү экендиги азырынча белгисиз.

Өлкөнүн улам бир бурчу Каддафинин режиминин көзөмөлүнөн чыгып бара жаткан шартта каддафичил күчтөр бийликти сактап калуу үчүн айыгышып күрөшүүдө.

Азыр иш жүзүндө расмий Триполинин көзөмөлүнөн чыгып кеткен Ливиянын чыгыш аймактарынан армиянын мындан ары полковник Каддафиге баш ийбей турганын жарыялаган жана көчөлөрдө танк менен жүргөн жоокерлерди көрүүгө болот.

Чыгышта Ливиянын 1969-жылга чейинки, падышалык доордогу, кызыл, кара, жашыл түстүү желеги көтөрүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, режимге каршы күчтөр борбор шаар Триполини 25-февралда жума намаздан кийин алуу үчүн азыр анын батыш тарабындагы кыштактар менен шаарчаларга көзөмөл орнотууга ниеттенүүдө.

Бул аралыкта өкмөттүк күчтөр менен Каддафинин режимине жалданып иштеген чет элдик согушкерлер Триполиде жана өлкөнүн батыш бөлүгүндө режимге каршы чыккандарга карата зордукчул иштерин улантып жатканы кабардалды.

Триполинин аба майданы азырынча Каддафини жактагандардын көзөмөлүндө кала берүүдө.



Биргелешкен чара

Эл аралык коомчулукта болсо азыр Ливиядагы кризиске карата биргелешкен чара көрүү зарылдыгы айтылууда.

Бул өлкөдөгү соңку окуяларды алгачкы ирет сыналгыдан АКШ президенти Барак Обама да комментарийледи.

Ал Ливия бийликтеринин тынч демонстранттарга каршы көргөн чараларын кескин айыптады:

- Азап чектирүү жана кан төгүү кыжырды кайнатарлык жана кабыл алынгыс. Андыктан тынч демонстранттарды коркутуу жана атууга буйрук берүү Ливиянын адамдарын мындан ары да жазалоо дегендик. Бул аракеттер эл аралык нормаларды жана адамгерчиликтин эрежелерин бузгандык. Буга окшогон зомбулуктар токтотулушу керек.

Обама Ливия боюнча сүйлөөдө. Вашингтон, 23-февраль.
Барак Обама анын администрациясы эл аралык өнөктөштөр менен Ливиядагы кризиске кантип бирге жооп берүү планынын үстүнөн иштеп жатканын, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилерине Ливия боюнча сунуштардын кеңири топтомун даярдоону тапшырганын кошумчалады.

АКШ президенти ошондой эле Ливия лидери Муаммар Каддафинин Батыш өлкөлөрү ага каршы кутум уюштуруп жатат деген айыптоосун четке кагып, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы өзгөрүүлөр жергиликтүү элдин мүдөөсү экендигин белгиледи:

- Аймактагы өзгөрүүлөр бул аймактын эли тарабынан жасалып жатат. Бул өзгөрүүлөр АКШнын же башка чет өлкөлүк мамлекеттин иши эмес. Алар жакшыраак жашоону издеген элдин мүдөөсүн чагылдырып турат.

Чет элдиктер кетүүгө ашыгууда

Бул аралыкта чет элдиктер Ливиядан кетүүгө ашыгууда.

Испан мунай компаниясынын британиялык Реймонд ысымдуу кызматкери Мадридге келген соң кабарчыларга буларды айтты:

- Төшөктө жатып, таңкы бешке чейин бомба жарылууларды, атышууларды угасың. Үйдөн чыга албайсың, эч нерсе кыла албайсың. Азыр ал жерде азык-түлүк тартыш, күйүүчү май тартыш, баары тартыш.

Ливиядан жүздөгөн же миңдеген жарандарын АКШ, Британия, Түркия, Орусия, Кытай, Индия жана Евробиримдик өлкөлөрү учак же кеме менен чыгарып жатат.

Египеттин 20 миң жараны өз мекенине Ливиянын чыгыш жагы аркылуу чыгып кетти.

Египеттик жана тунистик жумушчулар Ливиядан алардын өлкөлөрүн элдик толкундоолорду баштаганы үчүн айыптаган өкмөттүн жактоочулары менен чет элдик жалдангычтар өздөрүнө атайылап кол салганын да айтышты.

Европанын Ливияга эң жакын өлкөсү Италия эгер Каддафинин режими куласа, анда 300 миңдей качкын Европаны көздөй агылат ко деп чочулоодо.

Ливияда өткөн аптадан берки кагылыштардан улам жүздөгөн адам өлдү деп эсептелинүүдө. Бирок калк арасындагы жоготуу канча экендиги боюнча такталган жана ырасталган маалымат азырынча жок.

Кризис кара майдын баасын көтөрдү

Күнүнө 1,6 миллион баррел мунай өндүрүүчү Ливия экпорттунун көлөмү жагынан ОПЕКтин 12 өлкөсү ичинен эң акыркы орунда турганы менен өндүрүлгөн мунайдын 95 пайызын сыртка чыгарат.

Анын базардагы үлүшү анчалык чоң болбогондуктан, Сауд Аравиянын эле таңсыктыкты жаап коюу мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок араб дүйнөсүн каптаган тополоңдор андан да кеңири жайылып кетеби деген кооптонуулар мунайга карата бааны көтөрүүдө.

Акыркы күндөрү кара майдын баасы утур-утур кымбаттап, 24-февралда Лондон баалуу кагаздар базарында анын бир баррелинин наркы 115 доллардан ашып өттү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG