Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Каддафинин башы үчүн сыйлык жарыяланды


Каддафинин кайда экени дале белгисиз.
Каддафинин кайда экени дале белгисиз.

Ливияда оппозициянын Улуттук өткөөл кеңеши качып жүргөн, бирок бийликтен кулаганын моюнга албай жаткан Муаммар Каддафинин башы үчүн сыйлык жарыялады.

Мунун алдында кечээги аудиокайрылуусунда Каддафи өлүмгө же жеңишке чейин күрөшөрүн айткан эле. Козголоңчулардын Триполинин басымдуу бөлүгү көзөмөлдө деген ырастоосуна карабай, айгышкан атышуулар шаардын борбордук бөлүгүндө шаршембиде да уланды. Бул аралыкта Батыш өлкөлөрү Ливиянын тоңдурулган активдерин бошотууга камынууда.

Козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешинин төрагасы Мустафа Абдел Жалилдин шаршембинин ( 24-август) кечиндеги жарыясына караганда, Муаммар Каддафинин башы үчүн 2 миллион ливиялык динар же 1,3 миллион АКШ доллары берилет. Сыйлыкты бенгазилик бир ишкер белгилеген, бирок анын ысымы аталган жок. Улуттук өткөөл кеңеш ошондой эле Каддафинин айланасынан кимдир бирөө анын көзүн тазаласа же кармап берсе, кылмыштары кечирилип, мунаса аларын убада кылды.

Кайда кеткени белгисиз Муаммар Каддафи болсо шаршембиде эртең менен жергиликтүү телеканалдардын бири тарабынан уктурулган аудиокайрылуусунда, анын кулап бара жаткан бийлигинин символу катары саналган Баб ал-Азизия комплексин таштап кетүүсүн “тактикалык кадам” деп түшүндүрдү. Сөздөрүнө караганда ал багынбас бойдон калууда. Кайрылуусунда жактоочулар Триполини ал “саткынчылар жана келемиштер” деп атагандардан тазалоого чакырды:

- Триполидеги, анын сыртындагы уруулардын баары, жаштар, карылар, аялдар менен эркектер, аскерий комитеттердин баары шаарга чабуул коюшу керек. Аймактарды тинтип, саткынчылар менен келемиштерди жок кылышы абзел. Козголоңчулар силерди өлтүрүп, сөөгүңөрдү кордойт.

Каддафинин ырастоосунда, козголоңчулар Баб ал –Азизия комплексин ээлеген шейшембиде ал Триполинин эле көчөлөрүндө эч кимге таанылбастан басып жүргөн. Саякаты учурунда шаарды коргоого даяр жаш ливиялыктардын көбүн көргөн.

Бирок британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Ливия лидеринин айткандарын “жөөлүгөндүк” катары баалады.

-Режим өлкөнүн жана борбордун басымдуу бөлүгүнө көзөмөлдү ачык эле жоготту. Менимче полковник Каддафиге азыр жөөлүгөн билдирүүлөрдү жасоону токтотуп,, өлкөнү кайра көзөмөлдөй албасын моюнга ала турган учур. Ал азайган жана калк күчтөрүнө багынып берүү керектигин айтуусу керек.

Ал эми француз президенти Николья Саркози кечээ Парижде Ливиянын улуттук өткөл кеңешинин премьер-министри Махмуд Жибрил менен кездешип, оппозицияга аскерий колдоону сактоону убада кылды:

- Биз БУУнун 1973-резолюциясына ылайык аскерий операцияны ливиялык досторубуз канча муктаж болсо, ошончого чейин улантууга даярбыз.

Саркози ага катар Ливияга дос деп эсептелген мамлекеттерди өлкөнүн Каддафиден кийинки келечегин талкуулоо үчүн 1-сентябрда Парижге чакырып жатканын кошучалады. Бул аралыкта Триполиде кечээ да тынч болгон жок.

Каддафинин аскерлери шаршембиде түштөн кийин Триполинин токойлуу жериндеги Зоологиялык парктын жанында анын жашыл байрагын көтөрүшкөн. Аскерлер менен Баб ал-Азизия комплексинин ичиндеги козголоңчулар ортосунда атышуулар жүргөн.

Козголоңчулардын колбашчыларынын бири Мохаммад Аминдин айтымында, режимге жантарткандардын Триполидеги акыркы туруму Баб ал-Азизия комплексинин айланасы болчудай. Ага жакын Зоологиялык парктын аймагына Rixos мейманканасы да кирет. Каддафини жактаган куралчандар кайтарган бул меймакананын ичинде акыркы беш күндө 30дай чет элдик журналист камалып калган эле. Алар мейманканадан кечээ түштөн кийин гана чыга алганы маалым болду.

Борбор ээленгени менен Ливиянын дагы эки шаары Каддафиге жантарткан күчтөрдүн колунда кала берүүдө. Алардын бири - Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Сирт шаары. Ал жерде Каддафи туулуп өскөн. Экинчиси, Триполиден 650 чакырым түштүктө, чөлдө жайгашкан Сабха шаары. Шаршембиде кечке жуук түшкөн маалыматтарга караганда, бул шаар үчүн уруш жүрүүдө. Сабхада Ливиянын аскер-аба күчтөрү жана башка маанилүү аскерий обьектилери жайгашкан

Ал эми Сирт шаары боюнча козголоңчулардын Улуттук өткөөл Кеңешинин мүчөлөрү жергиликтүү уруу башчылары менен сүйлөшүп жатат.

Бул аралыкта Батыш өлкөлөрү, атап айтканда Британия менен Франция Ливиянын БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциясы менен тоңдурулган активдерин мүмкүн болушунча тез бошотуу үстүндө иштей баштады. Каражат өкмөт куруу, экономиканы кайра тикелөө, элге зарыл кызматтарды калыбына келтирүү, армия менен полицияны реформалоо үчүн зарыл.

Буга чейин Ливиянын чыгышындагы Бенгазиде жайгашкан Улуттук өткөөл кеңеш Триполиге көчүүнүн жолдорун талкуулоодо. Оппозициядагы булактардын айтымында, бул алдыдагы бир нече күндүн ичинде ишке ашуусу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG