Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 21:50

Армения: Башкаруучу партия премьер-министрликке талапкер чыгарбайт


Еревандагы нааразылык акциясынын катышуучулары, 2-май, 2018-жыл.

Парламенттеги Республикалык фракциянын лидери Вахрам Багдасарян 8-майдагы шайлоодо анын партиясы талапкер көрсөтпөй турганын билдирди. Алар мыйзам чыгаруучулардын кеминде үчтөн бири көрсөткөн талапкерди “ким болсо дагы” колдоорун кошумчалады.

Башкаруучу партиянын мындай чечими экс-президент жана экс-премьер-министр Серж Саргсян катышкан жыйында кабыл алынганы белгилүү болду.

Азырынча шайлоого жалгыз талапкер - Арменияда элдик толкундоолордун башында турган Никол Пашинян.

Ушул тапта Еревандын борбордук аянтында активисттер элдин алдында сүйлөп жатышат. Ага чейин Пашинян демонстранттарды Ереван убактысы боюнча кечки 5ке чейин негизги жолдорду ачууга үндөгөн.

1-майда парламентте оппозициянын лидери Пашиняндын талапкерлиги өкмөт башчылыкка каралып, өтпөй калды. Андан соң Пашинян элди массалык иш таштоого чакырган.

Ереванда жолдор, метронун жана өкмөттүк мекемелердин кире бериштери тосмолонуп турат. Жүздөгөн киши Армениянын баш калаасы менен эл аралык аэропортту туташтырган кара жолду бууду. Коопсуздук күчтөрү "Звартноц" аэропортуна тартылды. Пашинян өз жактоочуларын мыйзамды сактап, зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG