Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Арменияда көчө жүрүштөрү кайра башталды


2-майда эртең менен Арменияда миңдеген адам бийликтеги Республикалык партияга каршы кайрадан көчө жүрүштөрүнө чыкты.
2-майда эртең менен Арменияда миңдеген адам бийликтеги Республикалык партияга каршы кайрадан көчө жүрүштөрүнө чыкты.

2-майда Армениянын бир катар аймактарында бийликтеги партияга каршы нааразылык акциясы өтүп жатат. Оппозициянын айтымында, каршылык жүрүштөрүнүн максаты - мурдагы премьер-министр жана экс-президент Серж Саргсяндын партиясынын өкмөтүн кетирүү, ошондой эле элдик премьер шайлоо.

Кечээ оппозиция лидери Никол Пашинян премьер-министрликке сегиз добуш жетпей, шайланбай калган. Ага мурдагы премьер-министр жана президент Серж Саргсяндын парламентте көпчүлүктү түзгөн фракциясы каршы добуш берген. Пашинян ушундан кийин парламенттеги шайлоого күнү бою көз салып турган аянттагы элдин алдында сүйлөп, кайрадан бийликке баш ийбестик акциясын баштоого жана жапырт иш таштоого чакырган.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Карен Карапетян бүгүн билдирүү таратып, саясий топторду кеңешүүгө чакырды жана “премьер-министр конституциялык жол менен парламентте гана шайланат, башка жол жок” деп билдирди. Тараптарды кеңешүүгө президент да чакырды.

Ал арада жаңы өкмөт башчысын шайлоо 8-майга белгиленгени маалым болду. Бул тууралуу Армения парламенти – Улуттук жыйындын спикери Ара Баблоян жарыялады.

Бүгүн оппозиция Армения убактысы боюнча кечки саат 7де Еревандын Республика аянтында ири митинг өткөрүүгө да камынып жатат.

Көчө жүрүштөрү жана жол тосуулар

​Бүгүн эртең менен Арменияда миңдеген адам мурдагы премьер-министр жана президент Серж Саргсяндын парламентте көпчүлүктү түзгөн жана азыр бийликти толук көзөмөлдөп турган Республикалык партиясына каршы кайрадан көчө жүрүштөрүнө чыкты.

Жүздөгөн киши Армениянын баш калаасы менен эл аралык аэропортту туташтырган кара жолду бууду. Коопсуздук күчтөрү "Звартноц" аэропортуна тартылды. Ереванда студенттердин топтору кайрадан көчөлөргө чыгып, алардын айрымдары жатаканаларды кыдырып, жаштарды акцияга кошулууга үндөп жатышат.

Ошондой эле Еревандагы метронун «Еритасардакан» станциясынын иши үзгүлтүккө учурады. Баш калаанын бир катар тургундары автоунаалар менен Билим берүү, Маданият, Диаспора министрликтери жайгашкан имаратка барган жолдорду жапканы кабарланды. Ереван-Гүмри темир жолу да жабылды.

Армениянын башка шаарларында да каршылык акциялары өтүп жатканы кабарланууда. Мисалы, Арарат облусундагы Масис шаарында студенттер жана мектеп окуучулары окууну үзгүлтүккө учуратты. Ванадзор шаарында нааразылыкка чыккандар Лорий облусунун администрациясын жана мэриянын имаратын тосуп салышкан. Ошондой эле бул калаанын №3 поликлиникасынын айрым медкызматкерлери аянттагы демонтранттарга кошулду.

Гүмриде болсо тургундар Самвел шаарынын мэринин Республикалык партиянын катарынан чыгышын жана кызматтан кетишин талап кылууда. Гүмринин бир катар көчөлөрү да тосулду.

Тавуш облустук администрациясынын жана Иджеван мэриясынын кызматкерлери да иш таштады.

Ереванда нааразылыкка чыккан Мейер Кассис парламентте отурган бийлик партиясы Никол Пашинянды өкмөт башчылыкка колдобой койгонуна нааразы:

- Биз кечээки шайлоого каршы нааразылыкка чыгып жатабыз. Анткени депутаттар эл каалаган лидерди шайлашкан жок. Ошон үчүн жолдор жабылып жатат.

Элдик толкундоолордон кийин 23-апрелде премьерлик кызматын тапшырууга аргасыз болгон Серж Саргсяндын партиясы парламентте көпчүлүктү түзөрүн эске алганда Армениядагы окуялар кандай өнүгөрү белгисиз.

Саясий кризис кандай чечилет?

1-майда парламентте мыйзам чыгаруучулар Пашинянды өкмөт башчылыкка шайлаган эмес, 55 киши "каршы", 45 депутат "макул" деп добуш берген. Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу.

Биринчи аракетте өкмөт башчы шайланбаса, мыйзам боюнча, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси менен жети күндүн ичинде премьер-министрликке кайрадан талапкер сунушталат. Мындан кийин да өкмөт башчы шайланбаса, кезексиз парламенттик шайлоо жарыяланышы керек.

1-майда парламенттеги добуш берүүдө өкмөт башчылыкка шайланбай калган депутат, Армениядагы көчө жүрүштөрүнүн лидери Никол Пашинян оппозиция бардык сценарийге даяр деп билдирүүдө.

- Де-юре премьер-министрди шайлоо боюнча добуш берүү болушу керек, бирок шайлоо болбой калса, анда кезексиз парламенттик шайлоо өтөт. Билесиздерби, биз сценарийлерди талдап жатабыз. Бардык сценарий боюнча жалпы элдик кыймыл жеңбей коюшу мүмкүн эмес. Караңыздарчы, жеңиштин демин сезип калган эл аны колдон чыгаргысы келбей жатат.

​Ошол эле кезде Пашинян элди Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган трассаны, армия ары-бери каттаган жолдорду жаппоого чакырды. Мындан тышкары, тез жардам, өрт өчүрүү кызматтарынын унааларын тоспоону эскертти. Оппозициянын айтымында, каршылык акцияларынын максаты - мурдагы премьер-министр жана экс-президент Серж Саргсяндын партиясынын өкмөтүн жана бийлигин толук кулатуу, ошондой эле элдик премьерди шайлоо.

2015-жылдагы Конституциялык реформадан кийин Армения толук парламенттик башкарууга өткөн жана премьер-министр өлкөдөгү эң жогорку кызмат адамы деп саналат.

1-майда Армения парламенти – Улуттук жыйындагы добуш берүүдө Никол Пашинян өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн жалгыз талапкер болгон. 105 мандаттуу Армения парламентинде 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы элдин сүрүнөн жана талабынан кийин өкмөт башчылыкка талапкер чыгарбоого макул болгон. Бирок алар, депутат Феликс Цолакяндан башкасы, Пашинянга каршы добуш берди.

Пашиняндын өкмөт башчылыкка талапкерлигин парламентте тогуз мандаты бар «Елк» фракциясы сунуштаган. 31 мандаты бар «Царукян» фракциясы да Пашинянды колдоду. Ошондой эле оппозиция лидерин жети депутаты бар «Дашнакцутюн» фракциясы да сүрөй турганын жарыялаган.

1-майдагы парламенттеги талкуу учурунда Республикалык партиянын мүчөсү, Парламенттеги коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Корюн Наапетян Пашинян премьер-министрлик кызматка даяр эмес деген:

- Мен бул жерде сиз Конституцияны, коргонуу жөнүндөгү мыйзамдарды билбей турганыңызды терең өкүнүү менен билдирем. Тилекке каршы, сиз бул оор жүктү жана башкы колбашчылык жоопкерчиликти көтөрө албайсыз. Анткени сиз негизги укуктук ченемдерди билбейсиз.

Корюн Наапетян.
Корюн Наапетян.

Серж Саргсян 23-апрелде өкмөт башчылык кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин анын партиялашы жана өнөктөшү Карен Карапетян аткарууда. Ал бүгүн билдирүү таратып, саясий топторду кеңешүүгө чакырды жана “премьер-министр конституциялык жол менен парламентте гана шайланат, башка жол жок” деп билдирди.

- Биз баарыбыз канчалык оор болбосун саясий кризисти чечүү үчүн цивилдүү жана тез практикалык чечимдер керек экенин түшүнүп турабыз. Премьер-министр конституциялык жол менен парламентте гана шайланат. Практикалык жактан да, терориялык жактан да алганда башка жол жок.

Армения президенти Армен Саркисян да 2-майдагы билдирүүсүндө кризистен чыгуу үчүн саясий топторду кеңешүүнү улантууга чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG