Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Пашинян колдоочуларына 3-майда "эс алууну" сунуш кылды


Никол Пашинян Еревандын борбордук аянтында кечки митингде, 2-май, 2018-жыл.
Никол Пашинян Еревандын борбордук аянтында кечки митингде, 2-май, 2018-жыл.

Армениянын оппозициялык лидери Никол Пашинян башкаруучу Республикалык партиянын “анын талапкерлигин кийинки премьер-министрликке колдоо” жөнүндө чечимин кубаттады. 2-майдын кечинде Еревандын борбордук аянтында чогулган элдин алдында сүйлөгөндө башкаруучу партиянын чечимин “сөз жүзүндөгү билдирүү” деп атады.

Ал ошондой эле 3-майда нааразылык акциялары болбой турганын жарыялап, өз колдоочуларына “эс алууну” сунуш кылды.

Парламенттеги Республикалык фракциянын лидери Вахрам Багдасарян 8-майдагы шайлоодо анын партиясы талапкер көрсөтпөй турганын билдирди. Алар мыйзам чыгаруучулардын кеминде үчтөн бири көрсөткөн талапкерди “ким болсо дагы колдоорун" кошумчалады.

Башкаруучу партиянын мындай чечими экс-президент жана экс-премьер-министр Серж Саргсян катышкан жыйында кабыл алынганы белгилүү болду.

Азырынча шайлоого жалгыз талапкер - Арменияда элдик толкундоолордун башында турган Никол Пашинян.

XS
SM
MD
LG