Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

КСДП: Атамбаев Түлеевди кызматташууга чакырган эмес


Нариман Түлеев жана Алмазбек Атамбаев.
Нариман Түлеев жана Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) өз лидери Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы кеп-сөздөргө байланыштуу билдирүү таратты.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кийинки убакта социалдык тармактарда жана мессенжерлерде экс-президентти каралагандар көбөйгөнүн, муну атайын “кара пиарчылар” жана “кара ниет технологдор” жасап жатышканын белгилейт. Жолдубаева Атамбаев партиянын курултайында куду ушундай маалыматтарды чыгаргандардан азыркы президент Сооронбай Жээнбековду коргоого алганын, алар эми баш көтөргөнүн айтууда.

Партия өкүлү Интернетте тарап жаткан маалыматтардын баарына комментарий берүү орунсуз экенин айтып, бирок акыркы Нариман Түлеевге байланыштуу маалыматты төгүнгө чыгарды.

"Сыягы, Нариман Түлеев ошондой технологиялардын курмандыгы болуп калды окшойт. Ал өзүнө “кызматташуу тууралуу” жалган маалымат бергендер менен өзү эсептешип алсын. Анткени Алмазбек Атамбаев ага эч кандай кызматташуу сунуш кылган эмес жана сунуш кылбайт дагы", дейт Кундуз Жолдубаева.

КСДПнын билдирүүсүндө ошондой эле Алмазбек Атамбаев президент кезинде бирге иштеген кээ бир адамдарга карата да маалыматтык чабуул коюлуп жатканы, аларды айыптагандарды убакыт өз ордуна коеру айтылат. “Биз болсо Кыргызстандын жаңы тарыхында мурдагы президенттердин биринде да Алмазбек Атамбаевдикиндей чынчыл команда болгон эмес деп ишенебиз”, - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев "Азаттык" менен болгон маегинде, “экс-президент Алмазбек Атамбаевден биригүү тууралуу сунуш түшкөнүн, бирок ал андан баш тартканын” билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG