Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Атамбаев Түлеевге кол сундубу?


Коллаж
Коллаж

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда соттолуп, камакта отуруп чыккан Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент жакындан бери ортого киши салып, жарашууну сунуш кылганын жарыя кылды. Бирок КСДП бул маалыматты четке какты.

Айрым саясат талдоочулар Алмазбек Атамбаев саясий айдыңга кайтып келиш үчүн өз саясий каршылаштарынын тилин табуунун, запкы жеген саясатчылар менен жарашуунун жолун издеп, тактикалык жүрүшүн өзгөртө баштаганын кеп салышууда.

Кечиришүү жөнүндө кечиккен сунуш

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда бир топ саясатчылар жана аткаминерлер Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" жана "Коррупция" беренелери менен соттолуп, алардын айрымдары мөөнөтүнөн мурда абактан чыккан.

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

КСДП: таарынычтар ачыкка чыктыбы?

Бишкекте 31-мартта КСДПнын курултайы өттү жана анда Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп шайланды.

Алардын бири, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президенттин атынан адамдар келип, кечиришүүнү сунуш кылып жатканын айтып чыкты. Экс-мэр Түлеев андан баш тартканын билдирип, анын кечиккен сунуш экенин төмөнкүдөй негиздеди:

- Мен түрмөдөн чыкканда да Атамбаевдин жакын адамдары келишкен. Анда мен аларга: "Жигиттер, мен баарын унутайын, баарын кечирейин, бирок Алмаз Шаршеновичке бир ооз айтып койгула, анын убагында мыйзамсыз соттолуп, кордук көргөн саясатчыларды мен чогултуп берейин. Анан баарыбыз бир дасторконго отуруп, Алмаз Шаршенович: "Ай, балдар, ушундай болуп калды эми" деп койсо эле ошол жигиттердин баары аны кечиришмек" дедим. Ошону ага айтып барышса, анда Атамбаев "андай жолугушуу буларга керек, мага кереги жок" деп айтыптыр. Ал эми тилекке каршы, бүгүн ушундай бир күндө болуп жатат. Учурда алар бизге "чогулалы, отуралы, сүйлөшөлү, чепкен бизден" деп "сигнал" берип жатышат. Бирок убакыт өтүп кетти да. Ошентип бир мезгил өткөн соң бизге ал киши эмес, биз ал кишиге керек болуп калыптырбыз. Бирок бизге ал кишинин эми кереги жок...

Учурунда соттолуп, бирок кийин абактан мөөнөтүнөн мурда чыккандардын катарында Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев жана Талант Мамытов сыяктуу 2010-жылы парламентке "Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген саясатчылар бар.

"Мурдагы оппоненттери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат" деген кепти КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрүнөн бышыктоого мүмкүн болгон жок. Парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев саясаттагы мурдагы каршылаштардын кийинки тил табышуусу сыяктуу кубулуштарга таң калуунун кажети жок экенин белгиледи:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Эми саясатта ар кандай болот. Саясатта түбөлүк достук да, түбөлүк душмандык да жок. Болгону убактылуу кызыкчылыктар гана бар. Ошондуктан кечээ касташкандар азыр дос болуп, мурда дос болгондор азыр душманга айланууда. Бүт дүйнөдө ушундай. Ага таң калуунун кереги жок.

Тактикалык жүрүштүн чыныгы максаты

Ошол эле кезде айрым саясат талдоочулар экс-президент Алмазбек Атамбаев анын учурунда камакка алынып, соттолуп, запкы жеген айрым саясатчылардын тилин таап, аларды өзүнө тартуу менен жаңы саясий тактикалык жүрүштөрдү жасашы мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт. Саясат таануучу Марс Сариев Атамбаев өзүнүн бошоңдоп кеткен позициясын чыңдаш үчүн көптөгөн саясий топтор менен, анын ичинде мурда соттолгон саясатчылар менен да ымала түзүүгө кызыкчылыгы бар экенин билдирди:

Марс Сариев.
Марс Сариев.

- Атамбаевди түшүнсө болот. Азыр ал өзү оппозицияда калгандай болуп калды. Азыркы абалда ал үчүн ага тишин кайрап жүргөн, түрмөгө отургузулган Нариман Түлеев, Садыр Жапаров сыяктуу саясатчылардын каткан кегин жумшартып, алардын тилин табуу абдан маанилүү. Ошондуктан ал бул маселени чечип, мурдагы жана кийинки саясий атаандаштар менен болгон ортодогу келишпестиктерди жайгарып туруп анан саясатка кайрадан чыгууну көздөп жаткан сыяктуу. Анткени азыркы учурда Атамбаевдин командасындагы жакын адамдарга кылмыш иштери козголгон сайын анын позициясы улам бошоңдоп жатканы белгилүү. Бирок ал саясатчылар деле мунун баары убактылуу тактикалык жүрүштөр экенин түшүнүп турушат да. Ошондуктан материалдык эле кызыкчылык болбосо, аны менен чындап мамилесин оңдогонго көпчүлүгү кызыкпайт болуш керек.

КСДП фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков партиянын саясий кеңешинде төрага Алмазбек Атамбаевге президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүү жүргүзүп, өз ара ымалага келүү тууралуу сунуш айтылганын билдирген. Турсунбеков Атамбаев бул сунушка жооп берип жатып президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга убада бергенин айткан болчу.

Талдоочу Токтогул Какчекеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы каршылаштарына кол сунуп жатканы тууралуу "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү, муну саясаттагы кадыресе көрүнүш экенин айтты. "Атамбаев азыр саясатчыларын тамырын кармап жатат. Муну саясий айласыздык дебей, калчоо деп карасак туура болот. Тандап, ылайыктуулары менен 2020-жылдагы шайлоого аттануу - негизги максат болуп турат", - деди Какчекеев.

"Атамбаев азыр тамырчы болуп жатат"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:32 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" макаласы жарык көргөндөн кийин 3-майда КСДПнын басма сөз кызматы Нариман Түлеевдин айтканы чындыкка коошпосун жарыялады.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кийинки убакта социалдык тармактарда жана мессенжерлерде экс-президентти каралагандар көбөйгөнүн, муну атайын “кара пиарчылар” жана “кара ниет технологдор” жасап жатышканын белгилейт. Жолдубаева Атамбаев партиянын курултайында куду ушундай маалыматтарды чыгаргандардан азыркы президент Сооронбай Жээнбековду коргоого алганын, алар эми баш көтөргөнүн айтууда.

Партия өкүлү Интернетте тарап жаткан маалыматтардын баарына комментарий берүү орунсуз экенин айтып, бирок акыркы Нариман Түлеевге байланыштуу маалыматты төгүнгө чыгарды.

- Сыягы, Нариман Түлеев ошондой технологиялардын курмандыгы болуп калды окшойт. Ал өзүнө “кызматташуу тууралуу” жалган маалымат бергендер менен өзү эсептешип алсын. Анткени Алмазбек Атамбаев ага эч кандай кызматташуу сунуш кылган эмес жана сунуш кылбайт дагы, - деди Кундуз Жолдубаева.

КСДПнын билдирүүсүндө ошондой эле Алмазбек Атамбаев президент кезинде бирге иштеген кээ бир адамдарга карата да маалыматтык чабуул коюлуп жатканы, аларды айыптагагандарды убакыт өз ордуна коеру айтылат. “Биз болсо Кыргызстандын жаңы тарыхында мурдагы президенттердин биринде да Алмазбек Атамбаевдикиндей чынчыл команда болгон эмес деп ишенебиз”, - деп жазылат билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG