Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Майк Помпео “катаал” дипломатия жүргүзөөрүн эскертти


Президент Дональд Трамп жана Майк Помпео мамлекеттик катчынын кызматка расмий киришүү салтанатында. Вашингтон, 2-май, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп жана Майк Помпео мамлекеттик катчынын кызматка расмий киришүү салтанатында. Вашингтон, 2-май, 2018-жыл.

АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы, Борбордук чалгын кызматынын мурдагы башчысы Майк Помпео бул тууралуу Мамлекеттик департаментте кызматка киришип жаткан салтанат учурунда билдирди. Расмий жыйынга президент Дональд Трамп да катышты.

Помпео өз сөзүндө белгилегендей, ал “Америка элинин кызыкчылыгын биринчи орунга коюш үчүн зарыл болсо катаал дипломатияга” барат.

“Биз Ирак менен Сирияда халифатка (“Ислам мамлекети” тобу) сокку урдук. Муну эбегейсиз дипломатиялык иштен улам жасадык. Биз Ирандын кастыгынын ар кандай түрүнө кабылуудабыз, өзөктүк келишим боюнча кийинки кадамдарды чечип жатабыз”, - деди Помпео.

Ал ошондой эле: “Биз Орусияга анын агрессиялык аракеттеринин реалдуу кесепеттерин таңууладык. Жакында, мерчемделгенден бир нече жыл мурун Израилдеги элчилигибизди Иерусалимге көчүрөбүз”, - деп да кошумчалады.

Мурда Конгресстин республикачыл мүчөсү да болгон Майк Помпео тышкы саясаттын Орусия, Иран, Түндүк Корея өңдүү маселелеринде катаал туруму менен белгилүү.

Ал мамлекеттик катчылыкта Рекс Тиллесонду алмаштырды. Ал кызматтан кетери 13-мартта жарыяланган. Президент Дональд Трамп анда өз чечимин саясий көз караштардагы айырмачылык менен түшүндүргөн. Майк Помпео АКШнын 70-мамлекеттик катчысы болду. (UE)

XS
SM
MD
LG