Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Түркмөнстан Каспийде жаңы порт ачты


Президент Гурбангулы Бердымухаммедов жаңы порттун ачылыш аземинде сүйлөп жаткан учур. 2-май, 2018-жыл.

Жүк жана жүргүнчүлөр өтүүчү порттун курулушу бир жарым миллиард долларга туруп, анын ачылышы 2-майда болду.

Муну менен расмий Ашхабад өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, газдан бөлөк киреше булактарын көбөйтүп, портту ошондой эле Европа менен Азияны байланыштырган хабга айлантууга үмүт артууда.

Өкмөттүн эсебинде, Түркмөнбашы шаарындагы жаңы порт өлкөнүн жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн үч эседен ашыра көбөйтүп, жылына 25-26 миллион тоннага чейин жеткире алат.

Президент Гурбангулы Бердымухаммедов порттун ачылыш аземинде сүйлөгөндө Түркмөнстан анын деңизге чыкпаган коңшулары жаңы портту колдонуу маселесин талкуулоого даяр экенин белгиледи. Түркмөнстан деңизге чыкпаган Өзбекстан жана Ооганстан менен чектешет.

Түркмөнстан ушу тапта эле темир жол менен Казакстан аркылуу Кытайга чыга алгандыктан, Кытай, Жакынкы Чыгыш, Европанын ортосундагы жүктүн бир бөлүгү анын жаңы портуна бурулушу мүмкүн.

Каспий деңизинде анын айланасындагы Орусиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Ирандын да өз порттору бар. (UE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG