Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Ала-Тоо аянтындагы саат жаңыча кооздолду


Ала-Тоо аянтындагы сааттын дизайны жаңыртылды.
Ала-Тоо аянтындагы сааттын дизайны жаңыртылды.

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтындагы сааттын дизайны өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” “Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Каракееванын айтымында, күн нурларын элестеткен композиция түрүндөгү саат сары гүлдөр менен кооздолду.

Бир нече жыл мурда пайда болгон сааттын жебелерин кышкысын алып коюшат, жазында кайра тагып кооздошот.

Быйылтан баштап гүл отургузуу менен “Тазалык” ишканасы алектене баштады. Бүгүн ал жерде 20 жумушчу иштеп, агератум, сальвия жана тагетис гүлдөрүн отургузушту. (RK)

XS
SM
MD
LG