Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Иран өзөктүк келишимди кайра сүйлөшпөйт


Мухаммед Жавад Зариф.
Мухаммед Жавад Зариф.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф бүгүн Интернеттеги "YouTube" каналына коюлган видео билдирүүсүндө айтып чыкты:

- Мен бир жолу жана түбөлүккө абдан ачык айтып коёюн. Биз коопсуздугубузду башкаларга бербейбиз, биз ак ниеттен ишке ашырган келишимди кайра карабайбыз жана ага кошумча да киргизбейбиз.

Зариф бул сөздөрдү АКШ 2015-жылы түзүлгөн келишим боюнча чечим кабыл алышын утурлай айтты.

АКШдагы мыйзам талабы боюнча президент 2015-жылдагы көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш.

Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу да зарыл. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет.

Трамп жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет.

Мындан улам Трамп келишимге катышкан Франциядан, Британиядан жана Германиядан документтин өзү айтмакчы “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Талабы аткарылбаса, ал келишимден чыгаарын да эскерткен.

Европалык үч державанын лидерлери келишимдин тууралыгын коргогон менен өткөн аптада ал АКШ тынчсызданган маселелер менен толукталып кеңейтиле алаарын да билдиришкен.

Эгер келишимден АКШ чыкса, андан чыгаарын Иран да айтып келет. Келишимдин башка эки катышуучусу Орусия менен Кытай да аны өзгөртүүгө каршы.

2015-жылы Иран дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. (UE)

XS
SM
MD
LG