Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:22

Кыргызстандык аял чет элдик шылуундарга 32 миң долларын алдатып жиберди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын “С.С.” аттуу жараны чет элдик кибер шылуундарга 32 миң долларын уурдатып жиберди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы (Финпол) кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, мекеменин Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондору жана Каракол шаары боюнча бөлүмүнө ал жаран арыз менен кайрылган. Анда ал интернет-сайттан тез арада киреше таба алаары тууралуу маалымат алганын, аларга алданып калганын жазган.

Аял алгач prcfinancials.com (эскертүү үчүн Финпол шылуун сайттын атын атайын белгилейт) сайтынан каттоодон өткөн, андан кийин сайттын кызматкерлери байланышка чыгып алардын баракчасынан эсеп ачууга ынандырышкан. Натыйжада кыргызстандык аял бул сайттан банктык эсеп ачып, ага былтыр декабрь айынан ушул жылдын февраль айына чейин 32 миң доллар акча салган. Бирок ал акчаны сайттан шылуундук жол менен Леонид Карамазов аттуу жаран өзүнө ыйгарып алган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG