Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Түлеев: КСДП жалган маалымат таратууда


КСДП тараткан жана Түлеев өзү жарыялаган сүрөттөр.
КСДП тараткан жана Түлеев өзү жарыялаган сүрөттөр.

Нариман Түлеев КСДП партиясы "анын Атамбаевге жазган каты" деп таратып жаткан сүрөт жасалма экенин айтып чыкты.

“Бул одоно фальсификация, мен бардык графологиялык экспертизадан өтүүгө даярмын” деп билдирди ал бүгүн “Азаттык радиосуна.

Түлеев Атамбаевге жалпысынан төрт кат жазганын моюнга алды, бирок аларда кечирим суроо эмес, прокуратуранын мыйзамсыз аракеттери тууралуу жазылганын айтты:

- 2012-жылы камалганда 3-4 жолу кат жазгам. Атабыз да жазган, себеби экөөнүн мамилеси бар болчу. Бирок алардын мааниси – "прокуратура мыйзамсыз иш жасап жатат" деген ой болчу. Каттардын баары жеткенин да, реакциясы кандай болгонун да билем. Жакында айтып берем.

Бүгүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы "Нариман Түлеев бир нече жолу кат түрүндө кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сураганын" айтып чыкты.

Партия өкүлдөрү тараткан маалыматта “Атамбаев Түлеевден кечирим суроону эч качан талап кылган эмес. Кызматтык кылмыштары үчүн соттолгон адамдан кечирим суроону күткөн да эмес. Түлеев бир нече жолу кечирим сураган” деп айтылат.

3-майда Интернетте Нарын облусунда жашаган пенсионер Салыбек Чолуевдин видеосу тараган. Анда ал “Атамбаев "Түлеев кечирим сураса абактан чыгарам" деп убадасын бергенин, бирок Түлеев күнөөсү жоктугун айтып, кечирим суроодон баш тартып койгонун” билдирген.

Нариман Түлеев "Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген" деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган.

Түлеевдин соңку билдирүүсүнө КСДП "Эки катта тең коюлган кол белгилер бирдей болуп турат, демек, ал Түлеевдин колу. Графологиялык экспертизага каршы эмеспиз" деп жооп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG