Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:56

Путин менен ФИФАнын президенти футбол чемпионатына даярдыкты сүйлөштү


Владимир Путин менен Жанни Инфантино. Сочи, 3-май, 2018-жыл.
Владимир Путин менен Жанни Инфантино. Сочи, 3-май, 2018-жыл.

Президент Владимир Путин ушул жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Орусиянын 11 шаарында өтө турган Дүйнөлүк футбол чемпионатына өз өлкөсү “дээрлик даяр” экендигин жарыялады. Дүйнөлүк чемпионатка акыркы даярдыктарды Путин Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино менен 3-майда Сочиде жолугушкан кезде талкуулады.

Путин "бул чемпионатта орусиялык команда жакшы оюн көргөзөт" деп ишенээрин билдирди. Орусиянын футбол боюнча курама командасы 2008-жылдагы Европа чемпионатынан бери тайпалык оюндардан чыга албай келе жатат.

Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино да Орусиянын чемпионатка даярдыгын оң баалап, “ФИФАнын эксперттеринин баасы абдан жакшы” деди.

Европанын чыгыш бөлүгүндө биринчи жолу өтө турган дүйнө чемпионаты анын даярдыгына буга чейинкилерден каражат эң көп сарпталганы менен айырмаланат. Ал Сириядагы химиялык чабуул катары сөз болуп жаткан окуя, орусиялык мурдагы чалгын кызматкеринин Британияда ууландырылышы, Москванын Украинадагы иштерге кийлигишүүсү жана башка маселелер боюнча Орусия менен Батыштын ортосунда мамиле чыңалып турган кезде өткөнү турат.

XS
SM
MD
LG