Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 21:56

Нобелдин 2018-жылдагы адабият сыйлыгы ыйгарылбайт


Абройлуу сыйлык берилбей калган учур акыркы жолу 1943-жылы болгон.

Швед академиясы 2018-жылы Нобелдин адабият сыйлыгын ыйгарбай турганы анын расмий сайтына жарыяланды. Бул абройлуу сыйлык берилбей калган учур акыркы жолу 1943-жылы болгон. Билдирүүдө бул чечим Нобелдин башка тармактар боюнча сыйлыктарын берүүгө таасир этпей турганы айтылат.

Швед академиясы 2018-жылдагы жеңүүчү 2019-жылдагы жеңүүчү менен чогуу жарыялана турганын маалымдаган.

Нобель сыйлыгынын быйыл берилбей калышы француз фотографы Жан-Клод Арно аралашкан жаңжалга байланыштуу болууда. Фотограф Швед академиясына 1992-жылы шайланган акын аял Катарина Фростенсондун жолдошу болот. Арно Швед академиясынын каражаты менен өткөрүлгөн маданий долбоорлорду жетектеп келген. Жакында фотографты 20дай аял "жыныстык ыдык көрсөткөн" деп айыптап чыккан. Ошондой эле ал "Нобелдин адабият сыйлыгын ала турган адамдардын аты-жөнүн ачыкка чыгарган" деп кабарланууда. Жан-Клод Арно өзү бул дооматтарды четке кагып жатат.

Жаңжалдан кийин Швед академиясы акын Катарина Фростенсонду уюмдан чыгарды. Апрелдин ортосунда Швед академиясынан анын туруктуу катчысы Сара Даниус да кеткен.

XS
SM
MD
LG