Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:17

Манафорттун иши боюнча АКШ прокурору 70 кишини сотко чакырууда


Роберт Мюллер.

Орусия 2016-жылы Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого кийлигишкен-кийлигишпегенин иликтеген АКШнын атайын прокурору Роберт Мюллер сот отурумуна 70 кишини чакырууда. Виржиния штатынын Александрия шаарында 10-июнда боло турган соттук отурумга чакырылгандар ал талап кылган айрым бир документтерди да көрсөтүшү керек. Бирок атайын прокурор кандай документтерди талап кылганы айтылган эмес.

Сот АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорттун ишин карайт. Буга чейин атайын прокурор аны "алдамчылык", "жалган салык декларацияларын тапшыруу", "арам акчаны адалдоо" жана "кирешени жашыруу" иштери боюнча айыптаган. Бул ишке байланыштуу АКШ президентинин мурдагы кеңешчиси Рик Гейтстин да жоопкерчилиги каралууда.

Манафорт менен Гейтс "Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин кызыкчылыгын сүрөгөн" деп да айыпталып жатат. Гейтс өз күнөөсүн моюнга алган, ал эми Манафорт четке каккан. Буга чейин сотто Манафорттун "атайын прокурор кызматынан аша чаап пайдаланып жатат" деген доо арызы четке кагылган.

XS
SM
MD
LG