Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Армения: премьерликке талапкер Пашинян элчилер менен жолукту


Өкмөт башчылыкка талапкер Никол Пашинян нааразылык акциялары учурунда.
Өкмөт башчылыкка талапкер Никол Пашинян нааразылык акциялары учурунда.

Армян оппозициясынын лидери, өкмөт башчылыкка талапкер Никол Пашинян Орусиянын, АКШнын, Грузиянын жана Европа Биримдигинин элчилери менен жолугуп, өлкөдөгү саясий кризисти жоюу боюнча жасай турган иштери тууралуу айтып берди.

«Мен элчилерге өлкө ичиндеги кризисти чечүү боюнча жетишилген макулдашуулар тууралуу айттым. Эки тараптуу мамилеге байланышкан бир катар маселелер талкууланды. Арменияда аккредитациядан өткөн элчилер менен жолугушуулар дагы уланат» деди ал.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков буга чейин Еревандагы бийликке каршы нааразылык акцияларына байланыштуу билдирүүсүндө Орусия Армения менен “жакшы, конструктивдүү мамилени сактоого” аракеттенерин жана армян партиялары өз ара келишпестиктерин тез арада чечерине үмүттөнөрүн билдирген.

Пашиняндын талапкерлиги кечээ парламенттеги үч фракциянын 41 депутатынын атынан премьер-министрликке экинчи ирет расмий көрсөтүлгөн.

105 орундуу армян парламентинде 58 мандаты менен көпчүлүктү түзгөн Республикалык партиянын фракция башчысы Ваграм Багдасаряндын 2-майда айтканына караганда, алар бул жолу да өз адамын чыгарбайт жана премьерликке парламенттин үчтөн бири көргөзгөн талапкерди колдойт.

Пашинянга премьерликке шайланыш үчүн оппозициядагы бардык фракциялардын жана Республикалык партиянын кеминде алты депутатынын колдоосуна ээ болуу зарыл.

Ал жетектеген нааразылык жүрүштөрү Ереванда 13-апрелде башталып, натыйжада премьер-министрдин ордуна кайтып келген мурдагы президент Серж Саргсян кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Парламенттин премьер-министрди шайлоо боюнча кийинки жыйыны 8-майга белгиленген.

XS
SM
MD
LG