Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Кара-Сууда он үйдү суу каптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы 10 үйдү суу каптады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кабарлады.

Анын айтымында, Отуз-Адыр каналы элге эскертүүсүз ачылганынан улам турак жайларды суу каптап кеткен. Суу 10 үйдүн тамаркасын, жертөлөлөрүн баскан жана үч үйдүн чарбалык курулуштарын керектен чыгарган.

Учурда ӨКМдин адистери суу каптоонун кесепеттерин жоюу жана чыгымды эсептөө менен алектенип жатышат.

Отуз-Адыр каналы эмне үчүн күтүүсүз ачылганы иликтенүүдө. Суу каптаган үйлөрдүн бири да камсыздандыруудан өткөн эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG