Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Орусияда акция өткөргөнү жаткан Навальныйдын жактоочулары кармалды


Навальныйдын Чебоксарыдагы жактоочулары.
Навальныйдын Чебоксарыдагы жактоочулары.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына жакын оппозициячы Алексей Навальный жарыялаган “Ал бизге падыша эмес” деген акциянын алдында полиция анын бир топ жактоочусун кармады.

Санкт-Петербургда “Петербург жазы” кыймылынын координатору жана Навальныйдын штабынын ыктыярчысы Илья Гантварганы, Чебоксарыда оппозициячынын жергиликтүү штабынын башчысы Семен Кочкинди жана 5-майдагы акциянын уюштуруучусу Марина Полытованы, ошондой эле Кемероводо ыктыярчы Дмитрий Дилденкону полиция алып кеткен.

"ОВД-Инфо" уюмунун маалыматына караганда, Тамбовдо Навальныйдын жергиликтүү штабынын координаторунун жардамчысы Игорь Сливин кармалса, Всеволод Паршин Рязандын милиция бөлүмүндө бир канча саат болгон.

Красноярскта Навальныйдын жергиликтүү штабынын кызматкери Маковозова, Краснодарда «Ачык Орусия» уюмунун активисти Виктор Чириков кармалган. Кармалгандардын көбүнө коомдук "иш-чара уюштуруу тартибин бузган" деген кинелер коюлган.

Кармагандан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери Навальныйдын тарапкерлерине кысым көрсөтүүнүн башка жолдорун да колдонууда.

Екатеринбургдагы Навальныйдын штабына полиция кызматкерлери келип, тинтүү жүргүзгөн жана 5-майдагы акцияга даярдалган баракчаларды экспертизага алып кеткен.

Оппозиционер Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чакырган.

18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG