Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

ЖМК: Трамп Түштүк Кореядагы аскерлерин азайтышы мүмкүн


Түштүк Кореядагы америкалык учак.
Түштүк Кореядагы америкалык учак.

Кошмо Штаттар Түштүк Кореядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу “Нью Йорк Таймс” басылмасы өз булактарына таянып жазды. Анын маалыматына караганда, АКШнын президенти Дональд Трамп Коргоо министрлигине аймактагы аскерлердин санын азайтууну карап көрүүнү тапшырган.

“Нью Йорк Таймс” басылмасынын маалыматына караганда, ушу тапта Түштүк Кореяда 28 миң америкалык аскер бар.

“Блумберг” "Түштүк Кореянын жетекчилиги АКШ аскерлеринин санын азайтуу планы тууралуу маалыматты тастыктаган жок" деп жазды.

Март айынын башында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусуна даярдык башталган.

27-апрелде Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын президенттеринин тарыхый жолугушуусу өткөн. Анда тараптар тынчтык келишимин түзүүгө жана Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууга ниеттенээрин билдиришкен.

2-майда Сеул "Пхеньян менен тынчтык келишими түзүлгөн күндө да америкалык аскерлер Түштүк Кореяда калышы керек" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG