Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Чехия: ТИМ Земандын "Новичок" тууралуу сөзүн комментарийледи


Милош Земан.
Милош Земан.

Чехияда "Новичок" уу заттарынын түрүнө кирген, нервди шал кылуучу А-230 газы изилдөө үчүн аз өлчөмдө өндүрүлгөнүн чех президенти Милош Земан "Barrandov" телеканалы менен болгон маегинде айткан. Ал белгилегендей, эксперимент Коргоо министрлигинин Брнодогу изилдөө институтунда 2017-жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн. Земан бул маалыматты Коопсуздук жана маалымат кызматынын баяндамасына таянып айтып жатканын жана өндүрүлгөн зат сыноодон кийин жок кылынганын кошумчалаган.

"Менин жыйынтыгым мындай: бизде аз санда болсо да «Новичок» өндүрүлгөн жана сыноодон өткөрүлгөн, кийин ал жок кылынган. Биз кайда экенин, качан экенин билебиз. Ошондуктан эч нерсе болбогондой түр көрсөткөнүбүз эки жүздүүлүк кылгандай болот” деген Чехиянын президенти.

Ал эми Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Земандын билдирүүсүн колдоду.

“Бул Скрипал окуясынын баары чагымчылдык жана авантюралык экенине дагы бир далил” деди Песков.

Андан көп өтпөй Чехиянын Тышкы иштер министрлиги Земандын сөзү боюнча билдирүү жасады. Анда Британияда Сергей жана Юлия Скрипалды ууландырууда колдонулган нервди шал кылуучу уу зат А-230 экени, ал эми Брнодогу институт сыноо үчүн колдонгон зат андан айырмаланары жана А-234 деп аталары айтылат. «Уулуу зат сыноодон кийин лаборатория тарабынан дароо жок кылынат жана А-230 сыяктуу эч жерде сакталбайт» деп айтылат билдирүүдө.

Чехиянын Тышкы саясат мекемесинин өкүлдөрүнүн айтымында, Коргоо министрлигинин Брнодогу изилдөө институту химиялык заттан коргонууга багытталган изилдөөлөрдү жүргүзөт. Ушул максатта уу заттар өтө аз көлөмдө, бир канча миллилитр гана колдонулгандыктан Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык конвенцияны бузбайт. Чех институту мындай изилдөөгө уруксатты Химиялык куралга тыюу салуу уюмунан алганы белгиленет.

Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган. Лондон алар советтик окумуштуулар өндүргөн, нервди шал кылуучу “Новичок” заты менен ууландырылган деген жыйынтыкка келген. Британия уу Орусияда өндүрүлгөн деп эсептейт. Расмий Москва болсо андай маалыматтарды четке каккан. Бул окуя Орусия менен Батыштын ортосундагы алаканы сууткан.

Британия, АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү 150дөн ашык орус дипломаттарын өз аймактарынан чыгарган. Орусия да ушундай эле кадамга барган.

XS
SM
MD
LG