Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Казакстанда мунайчы активист абактан мөөнөтүнөн мурда бошоду


Эмин Елеусинов.
Эмин Елеусинов.

Маңгыстау облусундагы Oil Construction Company (OCC) кесиптик кошуунунун мурдагы жетекчиси Эмин Елеусинов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Чечимди 4-майда Павлодар шаардык соту чыгарды. Бул тууралуу сотко катышкан Казакстандагы адам укугу тууралуу эл аралык бюронун өкүлү кабарлады.

Маалыматты Павлодар шаардык сотунун басма сөз кызматы жана Елеусиновдун адвокаты да ырастады. Эгер прокуратура чечимге тосмо арыз жазбаса, сот чечими 21-майда күчүнө кирет.

2016-жылы 16-майда Астананын Алматы райондук соту кесиптик кошуундун башчысы Эмин Елеусиновду “кесиптик кошуундун ишенип берген каражатын жымырып алуу”, “полицияга каяша айтуу, баш ийбөө жана кол көтөрүү” айыптары менен эки жылга соттолгон.

Сот Эмин Елеусиновду беш жылга коомдук жана кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салган. Oil Construction Company талап кылган 14 миллион теңгеден ашкан каражаттын 8 миллион 212 миңден ашкан теңгесин өндүрүү тууралуу талабын канааттандырган.

Маңгыстау облусундагы Oil Construction Company ишканасындагы мунайчылардын кесиптик кошуунунун төрагасы болгон Эмин Елеусинов уюмдун Актаудагы кеңсесинде жана Каламкас, Жетибай кендеринде эки апта бою ачкачылык жарыялаган. Мунайчылар бийликтен Казакстандагы көз карандысыз кесиптик кошуунду жаппоону талап кылган. Ачкачылык акциясы учурунда кармалган мунайчылардын кесиптик кошуунунун эмгек инспектору Нурбек Кушакбаев былтыр апрелде “сот мыйзамсыз деп тапкан акцияны өткөрүүгө аракет кылган” деп, эки жарым жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG