Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Ошто баласын сабап өлтүргөн аял 13 жылга кесилди


Апасы сабап, өлтүрүп койгон 2,5 жаштагы баланын ооруканада жаткан учуру.
Апасы сабап, өлтүрүп койгон 2,5 жаштагы баланын ооруканада жаткан учуру.

Ош шаарында баласын сабап, өлтүрүп койгон 24 жаштагы А. Д. аттуу келин 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан кабарлашты.

Аял Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (“аягы адам өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап залака келтирүү”) боюнча айыптуу деп табылды.

4-февралда Ош облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө оор жараат алып, эстен танган баланы энеси алып келген. Ал 2 жаш 8 айлык уулу “тепкичтен кулап кеткенин" айткан.

Догдурлар текшергенде наристенин денесинде көгала тактар болгон, ички органдары жабыркаганы жана мээсине кан уюп калганы аныкталган. Тергөө учурунда аял баласы "тил албай койгондуктан" депкир менен сабаганын мойнуна алган.

24 жаштагы келинге Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон. 11-февралда бала чарчап калган. Андан кийин милиция айыпты 97-беренеге (“Киши өлтүрүүгө”) өзгөрткөнү кабарланган. Кошумча 104-берене (“аягы адам өлүмүнө алып келген, ден соолукка атайылап залака келтирүү”) боюнча да айып тагылган. (ErN)

Баласын сабаган аял камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:27 0:00

XS
SM
MD
LG