Линктер

шейшемби, 17-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:30

Кыргыз-казак президенттери кызматташтыкты талкуулады


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана буга чейинки жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулады. Бул тууралуу маалымат казак президентинин сайтында жарыялады.

Эки мамлекет башчысы Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы карым-катыш тууралуу да кеп кылышты.

Назарбаев менен Жээнбеков былтыр 25-декабрда Казакстандын Астана шаарында жолугуп, бир катар макулдашууларга кол коюшкан.

Кыргыз-казак президенттери быйыл 15-мартта Астана шаарында Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлеринин бейформал саммитинде да кезигишкен. Ал жыйынга Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттери жана Түркмөнстандын парламент спикери катышкан. Жыйында аймактык коопсуздук, чек аралар, транспорттук коммуникация, суу-энергетикалык ресурстар, тарифтик саясат, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери каралып, президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алышкан эле. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG