Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Москвада оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный кармалды


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Алексей Навальный Пушкин аянтында өтүп жаткан “Ал бизге падыша эмес” деп аталган митингде сөз сүйлөй баштаганда полиция кармап кетти.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарлашынча, Москвада миңдеген адамдар катышкан акцияда Навальныйдын тарапкерлери менен активисттердин ортосунда кагылышуу болду. Полиция кызматы акцияга чыккандарга күч колдоно баштады. Ондон ашуун адам кармалды. Аянттын үстүндө аскердик учак айланып жүрөт.

Бул акциядан мурдараак Кремлди жактаган “Улуттук бошотуу кыймылынын” активисттери жана аскердик форма кийип, Георгий лентасын тагынган адамдар да аянтка чогула баштаган. Алар “Майданга” каршы ураан чакырып, Навальныйды "чагымчы" деп аташкан.

Мунун алдында оппозиционер Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чыгууга чакырган.

18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура "мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет" деп эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG