Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

Аламүдүндө жол кырсыгында өрт чыгып, бир адам каза болду


Автоунаанын өртүн өчүрүү учуруу.
Автоунаанын өртүн өчүрүү учуруу.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында "КамАЗ" автоунаасы менен "Тайота Прадо" үлгүсүндөгү автоунаасы кагылышып, жеңил машине күйүп кетти. Натыйжада бир адам каза болуп, эки адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, окуя 5-май күнү кечкисин аталган айылдагы Алма-Ата көчөсүндө болду. ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Каза болгон жана жабыркаган адамдардын аттары такталууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG