Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Аба ырайы: жамгыр жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызгидромет" билдиргендей, 6-7-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22;

Талас аймагында түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;

Ысык-Көл кылаасында 2...7, күндүз 12...17;

Нарын дубанында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17 градуска чейин жетет.

7-майда Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 18...20 градус болот. (ErN)

XS
SM
MD
LG