Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Ооганстандагы жардыруу ондон ашуун кишинин өмүрүн алды


Хост провинциясындагы жардыруу болгон жер. 6-май, 2018-жыл.
Хост провинциясындагы жардыруу болгон жер. 6-май, 2018-жыл.

Ооганстандын Хост провинциясындагы мечиттеги жардыруудан кеминде 13 киши набыт болуп, отуздан ашууну жаракат алды. Жергиликтүү полиция бөлүмү курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин айтууда.

Полиция билдиргендей, жардыруу мечитке эл күндүзгү намазга чогулган маалда болгон. Мечит октябрда өтө турган парламенттик шайлоого добуш бере турган жарандарды каттай турган борбор катары да пайдаланылып жаткан. Божомолдорго караганда, жардыруучу затты имарат ичине таштап кетишкен.

Өткөн айда Кабулдагы шайлоочуларды каттоо борборунда уюштурулган жардыруудан 60тай кишинин өмүрү кыйылган. Ал калаба үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюму өз мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG