Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Пакистандын ички иштер министри атышууда жаракат алды


Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбал. 12-июнь, 2017-жыл.
Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбал. 12-июнь, 2017-жыл.

Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбалга Пенжаб провинциясындагы жолугушуу маалында ок тийген. Жергиликтүү бийлик маалымдагандай, министрди 6-майда өзүнүн кичи мекени саналган Наровал районуна барган кезде атышкан. Колунан жаракат алган Ахсан Икбал дароо ооруканага жеткирилди, анын өмүрүнө коркунуч жок.

Dawn.com агенттиги полиция өкүлдөрүнө таянып, кол салган адам министрди 20 метр алыстыкта туруп атканын жазды. Шектүү делген адам кармалып, ал 20 жашта экени айтылууда.

Премьер-министр Шахид Хаган Аббаси жайында өтө турган федералдык шайлоону утурлай жасалган бул кол салууну кескин сынга алды.

XS
SM
MD
LG