Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Майып бала баккан ата-энеге айлык төлөө маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.

Майып бала баккан ата-энелерге айлык төлөп берүү маселеси бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда каралат.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, комитет мүчөлөрү Жогорку Кеңештин ”Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” токтомунун долбоорун талкуулашат. Демилгечи – депутат Мирлан Бакиров.

Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Таалайгүл Исакунова буга чейин майып баласын багыш үчүн 6 миң ата-энеге айлык акы төлөп бериш үчүн орто эсеп менен жылына 400 млн. сом керек болорун айткан.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 30 миңге жакын майып бала бар. Улуттук статистикалык комитетинин эсебинде, өлкөдө минималдык жашоо өлчөмү 4,9 миң сомду түзөт. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG