Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Путиндин инаугурациясы болот


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясы өтөт.

Ушуну менен ал төртүнчү жолу өлкөнүн башчысы катары расмий түрдө ишке киришип, 18 жылдык башкаруусун улантат.

Путинди колдогондор бул жылдары Орусия “баш көтөрүп калды” деп, ал эми каршылаштары “коррупция чегине жеткен жеке бийлик болду” деп айтып жүрүшөт.

Путин быйыл март айында өткөн шайлоону 77% менен жеңгени расмий жарыяланган. Өзү бул жеңишин коомдук ишенимдин көрсөткүчү деп атаган, ал эми оппозиция өкүлдөрү шайлоо жараянын “демократия талаптарына жооп бербейт” деп сындашкан.

Эки күндөн бери Москвада жана бир катар башка шаарларда Путинге жана өкмөткө каршы акциялар өттү. Уюштуруучулар Москвадагы митингге миңдеген адамдар чыкканын, ал эми полиция 1,5 миңдей адам гана катышканын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG