Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссия жыйынга чогулат


ЖЭБ.
ЖЭБ.

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) январь айында болгон кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия бүгүн жыйынга чогулат.

Депутаттар даярдаган документте ЖЭБге алынган насыяны сарамжалсыз пайдаланган жана авариянын келип чыгышына себепкер болгон жетекчилердин ишине саясий баа берүү маселеси козголот.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТБЕА компаниясы дайындалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG